Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

2003-жылдын бюджети кабыл алынды.


БИШКЕК. 4-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны жумуруяттын бюджетин экинчи окууда кабыл алды. Анын натыйжасында эмки жылкы бюджеттин кирешеси 13 млрд. 844 млн. сом, ал эми чыгашасы 13 млрд. 968 млн. сом, тартыштыгы 124 млн. сом өлчөмүндө белгиленди. Эми бюджет долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйыны карап жактырууга тийиш. Андан кийин ал президенттин кол коюсуна жиберилмекчи. Шаршембиде бюджет боюнча сөз сүйлөгөн эл өкүлдөрү айыл чарба продукциясына 20 % кошумча наркка салыкты киргизбөөнү, ал эми аны киргизбөөдөн пайда болгон бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 250 млн. сом тартыштыкты башка булактардын эсебинен толтурууну өкмөткө сунушташты. Депутаттар өз сөзүндө 250 млн. сомдук кошумча салык дыйкандардын абалын оорлотоорун белгилешти. Бул маселе боюнча эл өкүлдөрү атайын токтом да кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG