Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН ШАЙЫР.


Өткөндө «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей көптөгөн элдик өнөрдүн ээси Орозобай Кенчинбаевдин өмүрүнүн айрым барактары, комузчу - аткаруучулугу, абалкы аспаптын жаңы түрлөрүн чабуудагы жетишкен ийгиликтери менен учкай тааныштырган элем. Эми болсо үзүлгөн баардашуумду улайын.

Бүтүндөй гүлгүндөй жаштыгын, дөөлөттүү карылыгын элдик музыкалык аспаптарды чабууга, табына чыгара ойноого, сүрөт тартууга, боз үйлөрдүн жыгач таштарын жасоого арнаган жанда жок эмгекчил Орозобай Кенчинбаев элчилеп баш калаага умтулбай Көл аймагынын Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын маданият үйлөрүнө маңдай терин агыза иштеди. Акыры ал «Ат айланып келип, акырын табат» дегендей соңку он эки жылдан бери киндик каны тамган айлына көчүп келип, жакшыда жагуу жок болуп, чарба күтүп, узануу-устачылык кесиби менен алектенип кетет. Бир эле мезгилде кара жанын карч урган, беш мүнөт бош убакыт таппаган Орозбай мырза Чолпон-Атадагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданият корук музейинде кеңешчи болуп да эмгектенүүдө. Ал музейди жасалгалоо, көркөмдөө, уюштуруучулук иштерине баш оту менен кирип, жаш жамааттын телчигишине, бутуна турушуна бараандуу салымын кошуп келет. Бул жолу Орозбай мырзага канчалаган угуучуларга рахат берген аспаптар чабылган жана чабылып жаткан устаканасында иштеп жаткан жеринен жолуктум. Алик алышып, ал-жайды сурашкандай кийин Орозобай мырза өрүктөн чаап бүткөн кыл кыяктын жаңы түрлөрү менен тааныштырып, «кыл кыяк үч түргө бөлүнөт: кыл кыяк - прима, кыл кыяк - альт, кыл кыяк - бас болуп оркестрге, ансамблге ылайыкташтырып жасайбыз. Көбүнчө ансамблдер алышат» деди да Орозобай мырза, Мураталы Күрөңкеевдин «Ат кетти» күүсүн созолонто тартты.

- Орозобай мырза, орустарда зубанка, варган, белорусстарда, украиндыктарда, молдавандарда дрымба, казак, каракалпактарда, түркмөн, өзбек, алтай, каказ, башир, татарларда шаң кобыз, шын кобыз, кобыз, чаң кобыз, темир комыс, кубыз денген аттардагы аспаптарга түркүмдөш, куюп койгондой окшош кыргыздын какматилдүү темир ооз комузунун да тональностторун таап, оркестрлерге, ансамблдерге салыпсыз. 1991-жылы болсо Якутияда өткөн Эл аралык «Варган үрп адат жана азыркы заман» деген темада өткөрүлгөн экинчи конгресске катышып, «Дүйнөлүк чебер уста» деген ардактуу наам алып, уюштуруу комитетине мүчө болдуңуз эле. Андан бери он жылдан ашык убакыт өттү. «Уккан бар, укпаган бар» дегендей варганчылардын (бизче айтканда темир ооз комузчулардын) конгрессине өзүңүз жасаган аспаптарыңыз менен катыштыңыз беле?

- Өзүм жасаган аспаптарым менен оркестровый темир комуз алып бардым. Барып музейине тапшырдым, анан комиссиянын мүчөлөрүнө көрсөттүм мына ушундай жасалат деп. Көрсө дүйнө жүзүндө мындай нота менен жасап оркестрге түшүргөн аналогдор жок экен. Анан көрүп аябай таң калышты, «муну кантип жасадың, оркестровыйды кандай жасадың?» деп. Мен айттым, «эми муну изилдеш керек, темирди изилдеш керек, анын өлчөмү кандай болуш керек, тири эмнеден салынат? Ар бир тонго жараша размери болот», десем аябай таң калышып, «сиздин тажрыйбаңызды дүйнө жүзүнө жаябыз. Эми мындан ары биздин оргкомитетте такай болосуз, мындан ары сиздин тажрыйбаңызды дүйнө жүзүнө таратабыз» деген сөздөр болду.
XS
SM
MD
LG