Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Кошмо Штаттары Түркмөнстанды эл аралык укуктарды бузуп жатканы үчүн айыптады.


Президент Сапармурат Ниязовдун көзүн тазалаганга аракет кылган деп кармалган адамдардын арасында америкалык жаран Леонид Комаровский да бар. Бул тууралуу түркмөн бийликтери америкалык элчиликке кабарлашкан эмес, алардын өкүлдөрүнө Комаровский менен жолукканга да мүмкүндүк беришкен эмес. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Рикердин сөздөрү боюнча, Вашингтон администрациясы Түркмөнстандагы тергөө иштеринин ыкмаларына да катуу камтама болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG