Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Иракта аскерий инспекциянын экинчи аптасы башталды.


Эксперттер Багдадга чукул жердеги атомдук жана химиялык эки ишканада болушту. ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын баасында, Ирак бийликтери эл аралык инспекторлорго көмөк көрсөтүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында да инспекциянын жүрүшү азырынча жалпысынан жаман эмес. Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд Ирак өзүнүн бардык аскерий обьекттерин инспекторлорго ачып бергенге милдеткер экендигин эскертти. Айрым кабарларда ушул эле күнү америкалык жана британдык согуш самолеттору түндүктөгү коопсуздук зонасында Ирактын радалык системаларына сокку урушканы айтылууда. Аларга адегенде Ирактын абадан коргонуу күчтөрү ок атышкан. Бирок бу маалымат азырынча бейтарап булактар тарабынан бышыктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG