Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИ В. ПУТИНДИН КЫРГЫЗСТАНГА ИШ САПАРЫ.


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз президенти Аскар Акаев кайсыл жерде болбосун, өлкөнүн тышкы саясатында Орусия менен болгон мамилеге өзгөчө артыкчылык берилээрин баса белгилеп, Орусия Кыргызстандын ХХI кылымдагы стратегиялык жактан башкы союздашы болоорун айтып келген.

Орусия президенти Владимир Путиндин 5-декабрда Кыргызстанга болуучу беш сааттык иш сапары тууралуу өлкөдөгү бардык басылмалар жазып жатышат. 5 сааттын ичинде сүйлөшүү кайсыл багытта болоору, эгемендүүлүк жылдарында 2 өлкөнүн өз ара мамилелери кандай өнүгүп келгени жарыяланган макалардын негизги өзөгүн түзөт. Буга чейин В. Путин Кыргызстанга 2 жолу келгени менен, президент катары бул анын биринчи жоллу расмий иш сапары. Ал алгач ирет Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын жетекчиси катары келсе, экинчи жолу Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн Бишкекте өткөн жыйынына катышуу үчүн келген. Башта В. Путиндин Бишкекке бир күнгө келээри айтылып келсе, Кытай, Индияга жасалган иш сапарынан кийин Кыргызстан үчүн убактысын кыскартууга туура келди. Экинчи жактан Кытай, Индиядан соң Кыргызстанга келишин Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева Орусия Кыргызстанды милларддан ашуун калкы бар Чыгыштагы ири мамлекеттердин катарында карап жатат,- деп түшүндүрдү.

Кыргыз жетекчилиги да Орусия менен ар дайым жылуу мамиледе болууга умтулуп келгени маалым. Атап айтканда, Кыргызстан саналуу гана өлкөлөр менен «Түбөлүк достук келишимине» кол койсо, алардын арасында Орусия да бар. Мындай келишимге эки өлкөнүн жетекчилери 2000-жылы 27-июлда кыргыз мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Орусияга болгон расмий иш сапарынын учурунда Москвада кол коюшкан болчу. Кыргыз президенти Аскар Акаев кайсыл жерде болбосун, өлкөнүн тышкы саясатында Оруссия менен болгон мамилеге өзгөчө артыкчылык берилээрин баса белгилеп, Оруссия Кыргызстандын ХХI кылымдагы стратегиялык жактан башкы союздашы болоорун айтып келген. Эгемендүүлүктүн 11 жылында Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ар түрлүү багытты камтыган 100 гө чукул келишимге кол коюлган. Анын ичинде 30 га жакыны аскердик багыттагы келишимдер, 50 гө жакыны соода-экономикалык багыттагы келишимдер. Бирок, айрым эксперттердин иликтөөсүнө караганда, келишимдердин бардыгы эле ойдогудай аткарылып жаткан жери жок. Алардын айрымдары кагаз бетинде калып, аткарууга келгенде чабалдык кылып жатканын байкоочулар байма-бай айтып келет.

Өткөн 2001-жылы Америка баш болгон Батыш өлкөлөрүнүн аскердик аба күчтөрүнүн Манас аба майданына жайгашуусу эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да бир топ таасирин тийгизип койгондой болду. Бирок, ортодогу сүйлөшүүлөрдөн улам өз ара түшүнүшүү пайда болуп, мамиле баштагы калыбына түшкөн. Ал эми 1-ноябрдан баштап Оруссияда күчүнө киргизилген миграция боюнча мыйзам да Орусияда соода-сатык менен алектенип жүргөн 500 миңге жакын кыргыз атуулдары үчүн бир топ проблеманы жаратып жатат.

Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек декларациясына, коопсуздук багытында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуусу күтүлүп жатат. Манас аба майданында жайгашкан чет өлкөлүк аскер-аба күчтөрүнүн Кыргызстанда калуу мөөнөтү, Ирак маселеси боюнча да өз ара пикир алышуу болоору боолголонууда.
XS
SM
MD
LG