Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ ОТПАРАЗДАР.


Нарын АЙЫП, Прага CCCР чачырап, мурдагы советтик жумурияттар эгемендүүлүккө жеткенден бери, атеизмдин ордуна бардык өлкөлөрдө диний ишеним калыбына келүүдө. Борбор Азия менен Азербайжанда акыркы он жылда ислам кеңири тарады, бирок Азербайжанда - илгерки зороастризмдин жоолдоочулуры дагы өз ибадатканаларын калыбына келтирүүдө.

CCCР чачырап, мурдагы советтик жумурияттар эгемендүүлүккө жеткенден бери, атеизмдин ордуна бардык өлкөлөрдө диний ишеним калыбына келүүдө. Борбор Азия менен Азербайжанда акыркы он жылда ислам кеңири тарады, бирок Азербайжанда - илгерки зороастризмдин жоолдоочулуры дагы өз ибадатканаларын калыбына келтирүүдө.


Content: Борбор Азия, Иран, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн элдери илгери отко сыйынуу динине ишенген. Биздин доорго чейинки алтынчы кылымда жашап, ал динди кеңири тараткан Заратустранын атынан дин кийин "зороастризм" деп аталып калган. Анын негизги маңызы - дүйнөдө жакшылык менен жамандыктын күрөшү эч басылбайт жана кандай болбосун турмуш дагы ошондой күрөштөн турат. Акырында, бирок, сөзсүз жакшылык жеңет жана ал чексиз жакшылык - Ахура Мазда аттуу кудайдын түрүндө келет. Зороастризмдин ыйык китеби - "Авеста".


Ибадат учурунда болсо, отпараздар отко табынат, анткени аны жерден, суудан жана абадан жогору коюп, отту алар: кудайды элестеткен жаратылыштагы эң таза зат, - деп эсептейт. Жетинчи кылымда пайда болгон Ислам тогузунчу кылымда азыркы Ирандын аймагына жеткенде, бул жерлерде жашаган отпараздар кошуна өлкөлөргө качууга аргасыз болгон, бирок ал жерлерде дагы куугунтукталгандыктан, бара-бара жоголгон жана алардын бир тобу Индияга качып барып жашынып, "парсылар" деп аталып калган. Азыр дүйнөдө бардыгы болуп 200 миңге жакын отпараз бар, алардын көпчүлүгү Индия менен Иранда жашайт.


Эң кызыгы, азыркы Азербайжандын аймагында - илгери, биздин доорго чейинки төртүнчү кылымда курулган отпараздардын ибадатканасы сакталып калган. Улуу ислам жеңиштери учурунда ал бузулган, бирок 1816-жылы кайрадан калыбына келтирилип, анын төрүнө түбөлүк от күйгүзүлгөн. Төрдөгү жазуу - санскрит тилинде жазылган, ошондуктан: ибадаткананы Индиядан келген парсылар оңдогон, - деп болжосо болот. "Зараханы" деп аталган ибадаткана Апшерон жарым аралынан көп алыс эмес, ошондуктан, жер алдында мунай менен табигый газ көп болгондуктан, жер жаракасынан чыккан газ ибадатканага түтүк аркылуу алып келинип, түбөлүк отко айланган. Отко табынган отпараздар, албетте, өчпөй күйгөн ал отко сыйынууга көп келчү, бирок XIX-кылымдын экинчи жарымында ишкерлер мунай менен газ корлорун иштетүүгө киришкенде, ибадатканага келген газ акырындап отуруп 1883-жылы өчүп калган.


Кудай бизди таштап кетти, - деген отпараздар башка өлкөлөргө көчүп кете баштаган жана бир нече жылдан кийин жергиликтүү инженерлер түтүктөрдү оңдоп, түбөлүк отту кайра күйгүзгөндө, ага табына турган адам калбай да калган. Советтик атеизм учурунда отко табынуу ого бетер кемиген жана 1991-жылдан кийин гана кээ бир демилгечилер "Зараханы" ибадатканасын кайрадан калыбына келтиришти. Бирок айланада баары бир ислам кеңири колдонулгандыктан, отпараздарга башкалар шек менен карайт жана алар өздөрү дагы адат-тартиптерин кеңири коомчулукка көрсөтпөй, жашыруун жасайт.


"Зараханынын" имараты кызыл кыштан курулгандыктан, ал өз маңызына төп келет. Табынууга - чыныгы отпараздардан тышкары, чет өлкөлүк туристтер, дин изилдөөчүлөр жана башка кызыккандар да көп келет. Табынгандар узакка отту тиктеп турушат жана жашылча-жемиштерди садага чаап, отко ыргытып, андан соң отту айланып бийлейт. Кээде алар - "Авеста" китебинен алынган санаттарды кайталайт, табынуу Ахура Маздага жетиш үчүн, ал санаттарды беш миң жолу кайталоого тийиш, ошондо гана табынгандардын тилеги орундалышы мүмкүн. Ибадаткананын жанында зороастризмдин музейи да курулган.


Ислам, христиан же буддизм жолдоочулары отпараздарга камкорсунуп караганы менен, от бардык элдерде жана маданияттарда ызатталат.
XS
SM
MD
LG