Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

ЕВРОПА БИРИМДИГИ МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯДАН КОРГОНО АЛАБЫ?


3-декабарь күнү Европа Комиссиясы миграция саясатын башка мамлекеттер менен кызматташуунун негизги шартына айлантуу жөнүндөгү сунушту бекитти. Бир жагынан, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө чет элдиктердин мыйзамсыз келүүсүн чектөөгө, экинчи жактан, чет элдиктердин санынын Европа өлкөлөрүндө ылдам өсүшүнө каршы кабыл алынган.

Батыш өлкөлөрү үчүн чет элдик мигранттар маселеси олуттуу көйгөйгө айланган. Маалымат каражаттары, айрыкча, 11-сентябрь алааматынан кийин чет элдик качкындар жана мыйзамсыз миграция проблемасына көп көңүл бөлөт.

Анын бир себеби, «International Herald Tribune» гезитинин 2-декабрдагы санында белгилегендей, бир катар Европа өлкөлөрүндө иммигранттардын саны жалпы элдин 10 процентине чукулдап калганыны байланыштуу.

Ошон үчүн, швед, нидерланд же немец улуту деген түшүнүктү эртеби-кечпи тактап алчу, бийликтерге баш- паана сураган адамдарга каршы катаал тартип кабыл алгандан мурда, бул жаатта конструктивдүү саясат жүргүзчү мезгил келди. «Чек араны жабуудан мигранттар жана алардын Европада төрөлгөн бала-чакаларынын проблемасы чечилбейт» деп жазат Парижде чыкчу таанымал гезит.

Еврокомиссия 3-декбарда миграция проблемасын биримдиктин башка өлкөлөр менен кызматташусунун негизги шартына айлантуу жөнүндө сунуш кабыл алды. Сунуш уюмдун 15 мүчөсү тарабынан жаңы жыл алдында бекитилет.

Мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны тескеп көзөмөлгө алуу, ЕБнын тышкы байланыштар боюнча комиссары Хрис Паттендин айтышынча, Европа Биримдигинин өнөктөштөрү үчүн да маанилүү. «Миграция жалгыз Европада эмес, дүйнөнүн мигранттар көп келип-кеткен бизге өнөктөш өлкөлөрүндө да саясаттын олуттуу субьектине айланып барат. Европа жамаатынын интеграцияга байланыштуу тышкы саясатын жана программаларын миграцияга байлоо - миграция проблемасын Европа Биримдигинин деңгээлинде үргүлжү чечүүнүн негизи жана натыйжалуу жолу!», деген ишенимде Хрис Паттен.

Африканын, Азиянын, Латын Америкасынын жана Европанын жарды өлкөлөрүнө ЕБ учурда 935 миллион евро өлчөмүндө жардам көрсөтөт. ЕБ, мындан тышкары, Россия менен ТАСИК, Жер Ортолук деңизи боюндагы мамлекеттер менен МЭДА программаларынын алкагында кызматташат. «ЕБ эми жардам бергенден мурда, бул өлкөлөрдөгү миграция проблемасын кылдат текшерет жана жардам көрсөтүү боюнча мурда түзүлгөн келишимдерди кайра түзөт» деп билдирди ЕБнын юстиция жана ички иштер комиссары Антонио Виторино жаңы сунуштун жүз ачарында.

Виторинонун сөзүнчө, Европа качкындар кору 2000-2004 –жылдары Батыш Европада мыйзамсыз жашап жаткан мигранттарды мекенине ыктыярдуу түрдөө кайтарууга 216 миллион евро бөлгөн. Бул программа боюнча, келерки жылдын апрель айынан тартып ар айда 1 ,5 миң качкын Ооганстанга жөнөтүлө баштайт. Ушу тапта Европада 100 миңге чукул ооган качкыны бар.

Бирок, Антонио Виторинонун айтышынча, ЕБда мыйзамсыз мигранттарды өз жерине кайтаруу боюнча бирдиктүү саясат жок жана Европа өлкөлөрүндө жашап жаткан качкын-бозгундар тууралуу так маалыматтар да жок. Ошондуктан, алардын айрымдарын мекенине кайтаруу, башка бирөөлөрүнө жашоого уруксат берүү маселесин ар бир өлкө өз алдынча чечүүгө мажбур. Анткен менен, Европа Биримдиги мыйзамсыз мигранттарды өз мекенине кайтаруу боюнча ондогон өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алардын ичинде Кытай, Пакистан, Россия, Түркия жана Албания бар.
XS
SM
MD
LG