Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

ЧЕЧЕН КАЧКЫНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КҮЧТӨП ЖӨНӨТҮЛӨ БАШТАДЫ


Орус бийликтери Ингушетиядагы көп сандаган чечен качкындары жашаган лагерлердин бири - Иман лагерин жапты. Чатырларда жашаган качкындарды өз жерине кайтаруу үчүн лагерге тамак- аш, суу жана жылуулук берүү биротоло токтотулган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Иман лагеринин жабылыша байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Орус бийликтеринин чечен качкындарынын Ингушетиядагы шаарчасын шаша-буша жабуусу жана ызгаардуу суукта 2 миңге чукул качкынды күчтөп өз жерине кайтаруусу, бул чечим ойлонулбай кабыл алынганын күбөлөйт. 27 миңдей качкынды көчүрүү, мурда болжолдонгондой жай айларында эмес, кычырыган кышта башталганы жана ал үчүн болгону бир айлык мөөнөт берилгени, өткөн жумада эле орус өкмөтүнүн «качкындарды мекенине кайтаруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт» деп АКШны ишендирүүсү, бирок анын артынан эле, аларды мажбурлар көчүрүүсү ушундай ойго түртөт.

Москваны мындай кадамга барууга, балким, 300-дөй чечендин президент Нурсултан Назарбаевге кат менен кайрылып, аларга Казакстандан баш- паана берүү жөнүндөгү өтүнүчү түрткөндүр.

Орусия президентинин алдындагы адам укугун коргоо комитетинин мүчөсү жана адам укугун коргоочу «Мемориал» комитетинин мүчөсү Светлана Ганнушкина өткөн жума күнү Аки Юрт шаарчасынын жанындагы Иман лагеринде болуп, качкындардын абалы менен таанышкан.

Укук коргоочунун айтышынча, качкындардын ахыбалы өтө оор болгондуктан, аларда бийликтер эмне айтса, ага макул дегенден дегенден бөлөк аргасы жок. Ганнушкинанын айтымында: «Тартип бузуу ушунчалык деңгээлге жеткендиктен, адамдар ага биротоло көнүп бүткөн. Ошондуктан, алар эмне талап кылынса, аны аткарууга, ал турсун өлүүгө даяр».

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгы жума күнү Москвага кайрылып, качкындар жашаганга ылайыктуу үй-жай табылмайынча, Аки Юрт шаарчасындагы лагерди жаппоого чакырган. Комиссариаттын кайрылуусу жоопсуз калган.

Светлана Ганнушкина 10 градус аязда лагерди жабууну акылга сыйбаган иш катары баалады. «Болуп жаткан иштер эч кандай логикага туура келбеген калп. Биз узак жылдардан бери бул калптын күбөсү болуп жүрөбүз. Бизге качандан бери лагерь кыйратылбайт жана адамдар Чеченстанга күчтөп жөнөтүлбөйт деп айтылып жүргөн. Бул калп бүгүн кайра кайталанууда»,- деген эле укук коргоочу «Азаттык» радиосуна берген интервьюда.

Аки Юрт лагеринде жашаган качкындар 1999- жылы Орусиялык аскерлер Чеченстанга экинчи ирет басып киргенде үй-жайын таштап кеткен 350 миңдей адамдын бир тобу.

Орус бийликтери 20-декабрга чейин Ингушетияда жашаган 110 миңдей качкындын дагы 18 миңдейин үйлөрүнө жөнөтмөк болууда.

Качкындардын Грозныйдагы там-жайы жашоого жараксыз болсо, алар бийликтер сунуш кылган үйлөрдү өкмөт берген акчага ижарага алышы шарт. Ижара үчүн аларга күнүнө 20 рубль убада кылынууда.

Ингушетияда калган чечен бозгундары чатырларда жашабастан, аларга берилген жөлөк пулга батир жалдап жашоосу абзел. Же, Ингушетиянын вице-премьер министри Магомет Мархиевдин сөзү менен айтканда, алар топ-тобу менен туруктуу бир жайга жайгаштырылат.

«Эгерде, Ингуш бийликтеринде качкындарды чатырчалар шаарчасына эмес, турак үйгө кондуруу мүмкүнчүлүгү болсо, анда эмне үчүн бүгүнгө чейин күтүштү?» деген суроо пайда болот.

Аги Юрттагы чечен качкындары жашаган шаарчаны бузуу АКШ өкмөтүн да тынчсыздандырды. «Лагерди жабуу бизди өтө кабатырга салды. Орусия лагерди таштап кетүүгө мажбурланган качкындарга ылайыктуу баш-паана бере алабы беймаалым»,- деп билдирди шейшемби күнү Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн орун басары Филип Рикер.

Рикердин сөзүнчө, өткөн жумада эле ырасмий Москва лагерь күчтөп жабылбайт деп убада кылгандыктан,Вашингтон орус өкмөтүнөн лагерди жабуунун себебин түшүндүрүп берүүнү сурамакчы.

XS
SM
MD
LG