Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

ОРУСИЯНЫН АСКЕРДИК-АБА КҮЧТӨРҮ КАНТ АБА МАЙДАНЫНДАА ЖАЙГАША БАШТАДЫ


4-декабарда Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов 5-декабрда Кант аба майданын Кыргызстан коргоо министри менен чогуу көрүп, андан кийин маалымат жыйынын өткөрдү. Ал аба майданынын абалын жана инфраструктурасын Орусиянын аскердик аба көрүнүн жайгашуусу үчүн толук жарактуу деп баалады.

Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев жана Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн башчысы генерал-полковник Владимир Михайлов баштаган адистер менен 5-декабрда Кант аба майданын карап чыккан Россиянын коргоо министри Сергей Иванов, аба майданынын абалын жана анын инфраструктурасын жакшы баалады. «Биздин, Орусиянын аскердик аба күчтөрү бул жерде жайгаша алат. Бул үчүн жакшы инфраструктура түзүлгөн. Маселе эми тийиштүү укуктук-келишимдик базаны иштеп чыгууда калды. Биздин аба күчтөрүбүз Коллективдүү коопсуздук келишиминин ылдам аракеттенүүчү күчтөрүнүн алкагында жайгашууга жол берген. Бул маселе 2003-жылдын май айында президенттер жолугушуусунда чечилет деген ойдомун» деди Сергей Иванов. Кыргыз-орус аскердик кызматташуусу тууралуу сөз кылып жатып, «орус-кыргыз аскерий кызматташуусу динамикалуу түрдө өнүүгүдө. Биздин ортобуздагы бардык маселе жөнгө салынган» деди Иванов. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоевдин айтымында да, Коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагындагы мындай кызматташуу мындан ары күчөтүлөт жана бекемделет.

Сергей Ивановдун айтымында, Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин башкы штабтарынын башчысынын комитети жана коргоо министрлеринин кеңеши жайгашуу, аны каржылоо өңдүү бардык маселелерди карап, тийиштүү чечимди президенттерге сунуш кылат. «Алар аны бекитип берсе, 2003-жылы бул жерге расмий түрдө жайгаша баштайбыз» деди Иванов. Ошондой эле ал «Канттагы аскердик аба күчтөрдү каржылоо үчүн Орусия жылына 300 млн. доллар жумшайт» деген маалыматты четке кагып, чыгым андан өтө эле аз болорун белгиледи. Эгерде региондо жайгашкан Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттерге кол салуу болсо Канттагы аскердик аба күчтөр пайдаланылабы деген суроого Иванов: «албетте колдонулат. Ал түздөн-түз жүктөлгөн милдетин аткарат. Башкача айтканда, бомбалайт, жок кылат. Андан башка ал эмнеге керек эле» деп маселени кабыргасынан койду. Ал Борбор Азиядагы туруктуулук Орусиянын кызыкчылыгында экенин, ошондуктан Кыргызстанга аскер жайгаштыруу да Орусиянын кызыкчылыгында экенин белгиледи.

Орусиянын акыркы кездеги Кыргызстандагы аскерий активдүүлүгү боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык комитетинин башчысы Алишер Абдымомунов буларга токтолду:
- Орусиянын кайра умтулуп ушул регионго катышып, иштеймин дегени туура, аны колдоймун. Бирок ал биринчиден, бул жерден кетпеш керек эле. Эми келгени өтө кыйын болот. Кайрадан бул регионго келип эски байланыштарды ордуна коюп, урматына жетишүү үчүн бир топ убакыт керек. Кесепети кандай болот эми? Бул жерге Орусия күчтөрүнүн келгени , келгенде да анын мыйзамдуу негизин даярдабай туруп келгени туура эмес. Эки өлкөнүн ортосундагы атайын келишимди даярдап, аны биздин мыйзам боюнча Жогорку Кеңеште ратификациялап, тийиштүү процедураларды аяктап, анан алып келиштин ордуна, жоктон, күтпөгөн жерден алып келди. Бул негизинен биздин мамлекеттин, өкмөттүн, негизинен, элдин абройун жогору көтөрбөйт. Бул деген биз өзүбүздүн мыйзамыбызды сыйлабаганыбыздын дагы бир баракчасы болуп калды»,-деп билдирди. Абдымомунов Кыргызстанда учурда АКШы, Россия жана Кытай баштаган үч антитеррордук борбор түзүлгөнүн, дүйнөлүк аренада өз кызыкчылыктары бар бул үч улуу мамлекеттин аскердик органдарынын Бишкекте жайгашуусу туруктуулукка өбөлгө болбосун, бул жерде Кыргызстан өтө кылдат саясат жүргүзүүсү керектигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG