Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Америкалык юристтер Фергана өрөөнүнүн элине коомдук кызыкчылыктарды коргоону үйрөтүшөт.


Бакыт Аманбаев

Кыргызстандагы Америкалык юристердин ассоциациясы Фергана өрөөнүндө жашаган элдин укуктарын коргоого багытталган жаңы долбоорду ишке ашыра баштады. Ага ылайык атайын окутулган юристер өрөөндөгү Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин жарандарына өзүнүн конституциялык укуктарын коргоону, ар кандай улут аралык пикир келишпөөчүлуктөрдү жөнгө салуунун жолдорун окуп үйрөтүшөт. Долбоордун Ош областы боюнча бөлүмүнүн башчысы Рустам Ахматахуновдун маалыматында, мындай иш чаралар Америка өкмөтүнүн «Эмгек, адам укугу жана демократиялык принциптерди өнүктүрүү департаментинин» колдоосунда ишке ашырылууда. Долбоор бир жарым жылга эсептелинип, ага 500 миң доллар акча бөлүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG