Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Орусия өкмөтү КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн 530 миң квота бөлдү.


Бакыт Аманбаев

Орусия мамлекетинин өкмөтү КМШ га кирген өлкөлөрдүн Орусияда жашап, эмгектенген жарандары үчүн атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык аталган уюмга кирген өлкөлөр үчүн 530 миң жаранга квота берүү белгиленген. Мына ошол токтомго жана 1-ноябрдан баштап күчүнө кирген «Орусиядагы чет элдик жарандар» тууралуу мыйзамга ылайык учурда Орусияда соода кылып жүргөн кыргызстандык жарандар биринчи январдан баштап өз мекенине чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу «Азаттык» радисунун кабарчысына Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Адахам Мадумаров маалымдады. Анын айтымына караганда, жогурудагыдай маселе ушул жылдын 27-28-ноябрда Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин жана профсоюздук уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында сөз болгон. «Жыйынга катышкан Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жетекчиси Генадий Селезнев аталган маселени жакын аранын ичинде Думада кароого макулдугун берди» деп кошумчалады Мадумаров. Ал эми кыргызстандын Тышкы иштер министиринин миграция департаментинин башчысы Төлөн Турганбаевдин айтымында, жогорудагыдай токтомду Орусия өкмөтү кабыл алгандыгы чын, бирок, Кыргызстандык жарандар жакын арада Орусиядан күч менен чыгарылбайт. Анткени, учурда жогорудагыдай маселерди жөнгө салуу максатында эки өлкөнүн аткаруу бийлигинин ортосунда суйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG