Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Түркия Евросоюздун алдыдагы саммитинде шаркетке мүчө болуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн так мөөнөтү аныкталат деп үмүттөнөт.


Өкмөт башчысы Абдулла Гулдун сөзү боюнча, Түркия азыр ушул маселенин башын ачып алгысы келет. Башкаруучу партиянын лидери Режеп Эрдоган болсо Түркияны шарттуу мөөнөт алымсындырбайт деп
ырастады. Кечээ Франциянын президенти Жак Ширак менен Евросоюзду кеңейтүү проблемасын талкуулаган Германиянын канцлери Герхард Шредер эки өлкө бул маселеде
Түркияга ачык-айрым пикирин билдире турганын айтып, анын чоо-жайын тактаган жок. Копенгаген саммитинде Франция менен Германия баарыдан мурда бул маселеде позицияларын тактайт, андан соң Түркияга ачык-айрым пикирин билдиришет, иштин калган өңүттөрү саммитте тышкы иштер министрлер тарабынан такталат, -деп билдирди герман канцлери.

XS
SM
MD
LG