Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИР ПУТИН КЫРГЫЗСТАНДА БИР КҮНДҮК ВИЗИТ МЕНЕН БОЛДУ


Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы визити учурунда эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташууну бекемдөөчү алты документке кол коюлду. Алардын эң орчундуусу президенттер кол койгон Бишкек Декларациясы жана коопсуздук тармагында кызматташуу тууралуу макулдашуу болду.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы визити учурунда эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташууну бекемдөөчү алты документке кол коюлду. Алардын эң орчундуусу президенттер кол койгон Бишкек Декларациясы жана «Коопсуздук тармагында кызматташуу тууралуу» макулдашуу болду. Кыргыз президенти Аскар Акаев коопсуздук тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюу зарылдыгын Борборук Азиядагы экстремисстик күчтөргө каршы бирге күрөшүү шарты менен түшүндүрдү. «Биз, коопсуздук тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюу менен, эки мамлекет эл аралык терроризмге жана дүйнөгө, анын ичинде Борбор Азияга глобалдуу коркунуч келтирип жаткан экстремисттик башка көрүнүштөргө каршы бирге күрөшүү чечимине келгендигин көрсөттүк. Кыргызстан бул макулдашууга кол коюу менен өзүнө өтө жогору жоопкерчиликти алды. Биз муну менен Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигибизди жана эл аралык терроризм менен күрөшүүдө бул региондо бекем түркүк болуп бере аларыбызды билдирип жатабыз», деди Аскар Акаев. Ал эми Владимир Путин болсо «Биз, Аскар Акаев экөөбүз, тышкы саясий кадамдарыбызды бириктирүү жана ар бир аракетибизди так координациялоо Кыргызстандын да, Орусиянын дагы коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт деп терең ишенебиз» -деп белгиледи.

Ал эми тогуз пункттан турган Бишкек декларациясы Орусия менен Кыргызстандын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууда бирдей ыкласта иш жүргүзө тургандыгын билдирген документ болду. Анда Кыргызстан менен Орусия Бириккен үлуттар уюму баштаган эл аралык, КМШнын аймагындагы Коллективдүү коопсуздук, Евразия экономикалык кызматташуу уюмдарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жана эки тараптуу кызматташууга даяр экендиги айтылды. Декларацияда Кыргыз бийлиги Орусия жетекчилигинин Чеченстан аймагындагы конституциялык түзүлүштү кайра ордуна келтирүү жана эл аралык терроризмдин көрүнүштөрү менен күрөшүү аракетин колдой тургандыгы өзүнчө пункт менен билдирди. Андан тышкары Орусия президенти Кыргызстанда орус тилине расмий тил статусунун берилгендигине ыраазы болгондугу да айтылды. Декларацияда ошондой эле Евразия экономикалык кызматташуу уюмун бекемдеп, бирдиктүү бажы аймагын, бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана мыйзам базасын түзүүнү ыкчамдатуу керектиги белгиленди.

Визит учурунда булардан тышкары соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү маселесине көңүл бурулду. Ал үчүн мындан ары соода жүгүртуүүнү жогорулатып, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда энергетика тармагында алаканы күчөтүп, Кыргызстанга Орусиянын энергетика тармагынан жабдууларды алып келүү белгиленди.

Кыргызстан менен Орусия президенттеринин жолугушуусунунан кийинки пресс конференцияда айтылган маалыматка караганда, визит учурунда аскерий-техникалык кызматташууга да терең көңүл бурулду. Кыргызстандын Кант аэродромунда коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин тез аракеттенүүчү күчүнүн жайгашышын президент Аскар Акаев «ал Кыргызстан үчүн коопсуздук чатыры болот» деп баалады. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин «Биз Борбор Азия регионундагы мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен аскерий кызматташууну эки багытта жүргүзүүнү көздөп жатабыз. Бул кызматташуу үчүнчү бир мамлекетке каршы багытталган эмес. Бул мамлекеттердин коопсуздугун гана камсыз кылууга багытталган. Кыргызстандын Кант аэродромунда коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин авиабазасын биротоло жайгаштыруу бул уюмдун күчтөрүнө башкача сапат берет. Алар муну менен авиациялык калканчка ээ болду жана күчтөр менен каражаттарды бир жерден экинчи жерге тезинен ташууга транспорттук кеңири мүмкүнчүлүк алышты»- деп билдирди.

Визиттин маалында Кыргызстан үчүн пайдалуу дагы бир документ - эки мамлекеттин ортосундагы карыздарды жөнгө салуу тууралуу макулдашуу болду. Ага кыргыз президенти Аскар Акаев: «Биз каржы министрликтеринин ортосунда Кыргызстандын карызын реструктуризациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлгандыгына ыраазыбыз. «Тамак алдында кашык жакшы» деп айтылгандай баарынан да биздин каржы министрбиз абдан кубанып жатат. Анткени, бул эл аралык финансы институттары, эң ичинде эл аралык валюта фонду менен иштөөдөгү бир катар проблемаларды чечет», деп баа берди.

XS
SM
MD
LG