Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Путинди коштоочу учактар Казакстандын Актөбө шаарына конууга аргасыз болушту.


«Бишкек-Москва» рейси менен кетип бараткан «Россия» авиакомпаниясына таандык эки учак 5- декабрдын түнүндө Казакстандын Ак-Төбө шаарына конууга аргасыз болду. Ил-62 үлгүсүндөгү бул эки учак расмий иш сапарынын учурунда Россиянын президенти Владимир Путинди Бишкекке коштоп келип, кайтып баратышкан жана анын ичинде жетимиш чамалаш журналисттер жана башка жооптуу кызматкерлер бар болчу. Орус президентин коштоп жүргөн учактардын чукул конушун «Интерфакс» агенттиги күйүүчү майдын сапатсыздыгы менен байланыштырып жазды. Ал эми Орусиянын транспорттук компаниясына шилтеме берген «РиА Новости» маалымат агенттиги учактардын Актюбинск шаарына аргасыз конушун май чыпкасынын ширелип калганы менен түшүндүрдү. Жергиликтүү «Кыргызинфо» агенттигинин маалымдашынча, эки учакка күйүүчү майды Бишкектен жергиликтүү «Манас Интернешнл сервис» май куюучу компаниясы куйган. Окуянын чоо-жайы тууралуу Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги кеңири маалымат бере элек. Министрликтин аба транспорту боюнча департамент башчысынын орун басары Эркин Баязовдун билдиришинче, азыр учактардын чукул конуш себептерин иликтөө үчүн орус-казак биргелешкен комиссиясы түзүлүп, ишке киришти. Ал эми Бишкекке Россиялык эксперттер жума күнү кечинде келери күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG