Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КЕҢЕЙҮҮ МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Эмки аптада Даниянын борбору - Копенгаген шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу болот, анда Биримдикке мүчө болуп кирүүгө он жаңы мамлекет чакырылат. Бирок талапкер өлкөлөр Биримдикке катуу талап койгондуктан, уюмдун жетекчилиги: керек болсо, кээ бир мамлекеттер чакыруу албай да калышы мүмкүн, - деп айта баштады.

Мамлекет башчыларынын катышуусу менен өтө турган бийик жолугушуу 12-13-декабрга белгиленүүдө, анын алдында, 11-декабрда ошол эле Копенгаген шаарында мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министирлеринин да жыйыны өтөт. Саммиттин негизги өзгөчөлүгү - анда он мамлекет - Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстонияга - Биримдикке кошулууга расми чакыруу жасалат.

Бардык талапкер мамлекеттер көп жыл бою Европа Биримдигине кирүү үчүн күрөшүп келген жана, мисал үчүн, Түркия эмгиче андай чакуруу ала албай жүрөт. Бирок чакырылып жаткан кээ бир Чыгыш Европалык жумурияттарда акыркы мезгилде нааразычылык күчөөдө, ал негизинен - уюмдун ичиндеги айыл-чарба фермерлерин колдоо өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу.

Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө айыл чарба көп деле киреше бере албаганы белгилүү, ошондуктан, фермерлерди колдоо максатында өкмөттөр жана телегейи тегиз уюмдар айыл чарбага казынадан такай кошумча жардам көрсөтүп турат. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө дагы фермерлерге ири көлөмдөгү субсидиялар берилет жана кээ бир талапкер өлкөлөр Биримдикке кирүү менен дал ошондой кошумча каражат алууну көздөгөнү да жашыруун эмес.

Бирок Биримдиктин негизги мүчөлөрүнүн бири - Алманиянын сунушу менен жаңы мүчөлөрдүн фермерлерине баштапкы жылдарда бериле турган жардам чектелүгө тийиш, атап айтканда, аларга берилген акча өлчөмү, мисал үчүн, Франциянын фермерлери ала турган жардамдан төрт эсе аз болот. Мындай абал - Биримдиктин ичиндеги каржы маселелери менен байланыштуу, бирок бир нече жылдан кийин абал теңделүүгө тийиш.

Анткен менен, Европа Биримдигин кеңейтүү боюнча жогорку комиссар Гюнтер Верхойгендин айтымында, жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга талаптуу бюджет азыркы учурда - 1999-жылы Берлин саммитинде кабыл алынган пландан эки миллиард еврого кем болуп калган жана бул - абдан орчундуу маселе. Дал ошол себептен, Чыгыш Европалык талапкер-өлкөлөрдө акыркы мезгилде нааразылык акциялары өткөрүлүүдө. Айыл чарбасына кошумча каражат табууга үмүттөнгөн Польшанын саясатчылары, мисал үчүн, Европалык жетекчилерди катуу сындаганга чейин барды.

Европа Комиссиясынын төрагасы Романо Проди, ошондуктан, жакында: Биримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны токтоп калуу коркунучуна такалды, - деп ачык эле айтты. Учурда Биримдикте төрагалык кылган Даниянын премьер-министри Андерс Расмуссендин пикири боюнча болсо, чакыруу - мурда "талапкер" деп аталган мамлекеттин баарына берилбей калышы да ажеп эмес. Бул эскертүү, эксперттердин айтымында, эң биринчи кезекте Польша жетекчилигине багытталган.

Польшадагы саясий күчтөр Европа Биримдигинин саясатын өзгөчө катуу сынга алууда жана Польша уюмга чакыруу алганда дагы, кийин бул маселе боюнча референдум өткөрүлгөндө, анын эли - Биримдикке кошулуу идеясын четке кагып да салышы мүмкүн.

Лондон шарында жайгашкан "Европалык реформалар борборунун" кызматкери Хиизе Граббенин айтымында, катачылык - эки тараптан тең кетүүдө: "Эки тарап өз-ара кошумча сүйлөшүү жүргүзүп, эмне үчүн Европа Биримдигине кошулуу - Польша үчүн пайдалуу экендигин элге түшүндүрүүгө тийиш. Жалпысынан алаганда, Польша андан абдан көп пайда табат, бирок Биримдик жетекчилигинин аракеттери - алардын саясаты Польша фермерлери үчүн ылайыксыз шарт түзүп жаткандай таасир калтырууда".

Жалпысынан алганда, чындап эле, Биримдикке мүчө болгон өлкөлөр пайда гана табат жана дал ошол себептен уюмга умтулууда.
XS
SM
MD
LG