Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ОРУС ТАМГАСЫ ЖАНА АНЫН ОППОНЕНТТЕРИ


Россиянын парламенти ноябрдын ортосунда тил жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизгенге эле. Анда орус ариптери өлкөдөгү бардык улуттук алфавиттердин түп уңгусу болуп аныкталды. Мыйзамдагы мындай өзгөртүүлөргө айрым улут өкүлдөрү, айрыкча татарлар каршы чыгышты. Республиканын мамлекеттик кеңеши президент Путинге атайын кайрылып, аталган мыйзам түзөтүүлөрүнө вето салууну өтүндү.

“Россия федерациясындагы элдердин тилдери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген жаңы түзөтүүлөр 15-ноябрда Мамдумада кабыл алынып, андан соң Федерация Кеңешинде жактырылган эле. Бирок ал бир катар республикалык өкүлдөрдүн, өзгөчө Татарстандын мамлекеттик кеңешинин катуу каяшасын пайда кылды. Орус ариптерин федерацияга кирген бардык элдердин улуттук алфавиттери үчүн түп уңгу катары аныктаган чечим “тарыхтагы өнөгөсүз иш болду”, деп айтылат, мисалы, татар парламентинин президент Путинге жолдогон ырасмий кайрылуусунда. Татар депутаттары мындан тышкары мыйзамга киргизилген кошумчалар федералдык Конституцияга кайчы келерин белгилешип, маселени эң жогорку инстанцияга - Россиянын Конституциялык сотуна ашыра тургандыгын айтышты. Татар тарыхчысы Дамир Исхаков “Азаттыкка” берген интервьюсунда федералдык конституцияда ар бир элдин эркиндигин жана өнүгүүсүн кепилдеген жоболорду эске салды. ”Орус Думасы менен Федерация Кеңеши россиялык элдердин бирине кирген татарлардын эркине каршы чыгып отурат, -деп билдирди тарыхчы. -1997-жылы татарлардын дүйнөлүк конгрессинде латын арибине өтүү чечими кабыл алынган эле. Республиканын парламенти кийин иш жүзүндө элдин ошол эркин аткарып, аны тийиштүү мыйзам актысында бышыктаган”. Д. Исхаков ошондой эле россиялык конституцияда бекемделген башка да жоболор одоно бузулду деп эсептейт. ”Маданият, тил чөйрөсүндөгү иштер, маселен, федералдык бийликтердин энчисине кирбейт, аларды ар бир республика өзү чечет жана Москванын республикалык деңгээлдеги иштерге кийлигишкенге укугу жок. ”

Жаңы мыйзам түзөтүүлөрү, татар тарыхчысынын пикири боюнча, федералдык борбор менен Казандын мамилелерин кыйгылдантат. Татарстан латын тамгасына өтөрүн ачык билдирген эле, Москва буга башында каршы болгон эмес. “Эми болсо: “Жок, буга укугуңар жок!”-деп сөөмөй кезеп отурат, -дейт Исхаков. - Бир элдин маданий өнүгүү жөнүндөгү түшүнүгүн экинчи бир элге кантип таңуулаган таптакыр туура эмес. Андыктан мунун арты терс маанайды пайда кылып, федералдык бийликтер менен татарлардын жалпы мамилелерин кыйгылдантпай койбойт”.

Орус парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү, Карелиялык депутат Виктор Степанов болсо орус алфавитин Россиядагы бардык элдерге таңуулоо акылга сыйгыс иш деп эсептейт. “Карелиялыктарды орус ариптеринин негизинде окутуу иш жүзүндө карел тилин жок кылат. Менимче, биз Лысенко генетикага кийлигишкендей, адам баласына бүткөн аң-сезимдин генетикасына кийлигишип жатабыз”, -деп билдирди ал. Карелиянын улуттук иштер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Евгений Шорохов да карелиялыктарды, аларга тектеш тилдерде сүйлөгөн башка улуттарды орус арибине өткөрүү таптакыр мүмкүн эмес деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG