Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Европа Биримдигине кирүүгө 6 өлкө даяр


БРЮССЕЛЬ. Учурда Европа Биримдигине төрагалык кылып жаткан Даниядан келген маалыматтарга караганда, анын Биримдикти кеңейтүү боюнча киргизген финансылоо сунуштарын 6 талапкер өлкө кабыл алууга даяр. Калган төртөө - сунуштардын жакшыртылуусун талап кылып жатышат деп билдирди Даниялык өкүл. Ал конкректүү өлкөлөрдүн атын атаган жок, бирок финансылоонун жакшыртылуусун Польша, Чехия жана Мажрастан талап кылып жаткандыгы болжолдонот. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр төрага болгон өлкөнүн «өтө эле берешендик кылгандыгын» айтышууда. Дания Брюсселде октябрь айында өткөн саммитте макулданган сумманы дагы 1 миллиард 600 миллион еврого көбөйттү.

XS
SM
MD
LG