Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

В. Путинди коштогон учактар Казакстандын Актөбө шаарында конууга мажбур болду


МОСКВА. Президент Владимир Путинди Кыргызстанга келген иш сапарында коштоп жүргөн өкмөттүк делегация түшкөн эки учак Бишкектен Москвага учуп баратып, Казакстандын Актөбө шаарына конууга мажбур болду. Учактарда журналисттер да болгондугу маалымдалат. Орусиянын «ИТАР-ТАСС» кабар агенттиги менен НТВ телеканалынын маалымдашынча, учактардын Казакстанга конуусуна аларга начар сапаттагы керосин куюлушу себеп болгон. В. Путиндин учагы Москвага белгиленген убакытта баргандыгы маалымдалат. Кыргызстандын коопсуздук кызматы Бишкек аба майданынан куюлган керосиндин сапатын текшерип жатканын билдирди. Кремль бул маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG