Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Өкмөт администратвдик реформанын жүрүшүн талкуулады


БИШКЕК. Ишембиде Кыргыз өкмөтүндө административдик реформалоонун жүрүшүн талкуулаган жыйын өттү. Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов жетектеген бул жыйында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы 13 мамлекеттик агенттиктердин жана комиссиялардын жетекчилери жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат беришти. Маалыматтарга караганда, мамлекеттик башкарууну реформалоо багытындагы иштердин алкагында жыл ичинде миңге чамалаш мамлекеттик кызматкердин кызмат орду кыскартылды. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, келерки аптада жыл ичинде аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөт жетекчилигине министрлер маалымат беришет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG