Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Кыргызстандагы бир катар банктар Улуттук Банк жүргүзгөн саясатка каршы билдирүү таратышты


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Республикадагы бир катар банктар жана ири каржы компаниялары аларга карата Улуттук Банк жүргүзгөн саясатка каршы президент Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге жана Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери Улуттук Банктын жергиликтүү банктардын уставдык капиталынын өлчөмүн жогорулатууга багытталган аракеттерине макул эместигин билдиришкен. Алардын пикиринде, банктардын уставдык капиталын жогорулатууга болгон аракеттер көпчүлүк учурда айрым банктардын жабылышы менен аяктоодо. Мындай кайрылууга, республикадагы «Толубай», «Энергобанк» банктарынын, «Кыргыз концепт» компаниясынын, «Айыл чарба финансы корпорациясынын» жана башка банктардын жетекчилери кол койгон. Эске сала кетүүчү нерсе, 4-декабрда өткөн маалымат жыйында Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева 2003-жылдын биринчи январынан баштап, банктардын уставдык капиталы жогорулай тургандыгын маалымдаган. Учурда Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100 миллион сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG