Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Укук коргоо кыймылы ички чатактарын териштирет


БИШКЕК. Кыргызстандагы Турсунбек Акун жетектеп келген укук коргоо кыймылы кезектеги конференциясын декабрь айынын акырында өткөрүүнү болжолдоп жатат. Турсунбек Акундун маалыматына караганда, конференцияда кыймылдын эки жыл ичинде аткарган иштери жана мындан аркы жакында жана келечекте аткарылуучу иш-аракеттерине байланышкан маселелер каралат. Анын күн тартибине киргизилчү маселелелер кыймыл башкармалыгынын 9-декабрда боло турган жыйынында талкууланат. Ушул эле күнү бул маалыматты бышыктаган кыймыл төрагасынын орун басары Мелис Арыпбек уулу башкармалык конференцияны уюштуруу боюнча боло турган отурумунда 10-ноябрдагы чукул чакырылган жыйындын чечимин талкуулоону да көздөп жатат деп билдирди. Анда башкармалыктын мүчөлөрү кыймыл төрагасы Турсунбек Акунду убактылуу кызматынан четтеттүү чечимин кабыл алып, аны биротоло бошотуу же ордунда калтыруу маселесин кыймылдын конференциясы чечерин 17-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирген. Арыпбек уулунун айтымында, Турсунбек Акундун мындан ары кыймылды башкарышы же андан четтетилиши эми башкармалыктын келерки отурумунун жана конференциянын чечимине жараша болот.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG