Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Мыйзамчы депутат президент Аскар Акаевди сотко берет


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. «Президент Аскар Акаев Ош областына болгон иш сапары учурунда менин адресиме карата чындыкка коошпогон сөз сүйлөп, кадыр баркыма доо кетирип, ар-намысыма шек келтирди. Эгерде, Аскар Акаев менин «Алай», «Чоң-Алай», «Карасуу» райондорундагы шайлоочуларымдан расмий түрдө кечирим сурабаса, мамлекет башчысын сотко берем»- деп кабарлады ишемби күнү «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү кыймылынын» штаб жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Исмаил Исаков.
Аскар Акаев ушул жылдын 3-декабрында Ош областына болгон иш сапары учурундагы сүйлөгөн сөзүндө, жалпы кыргыз оппозициясына, анын ичинде Адахам Мадумаровго, Ишенбай Кадырбековго жана Исмаил Исаковго сын пикирин билдирген. Андагы сөзүндө Аскар Акаев Исмаил Исаковго карата «1999-жылы террористер Баткенге кирип келгенде, ошолорго туруштук бере алган эмес. Армияны таштап, «Отставкага кеттим» деп качып кеткен. «Үйдө баатыр, жоодо жок деп» кыргыздар айткандай эми президентти кетирүүгө аракеттенүүдө» деген оюн билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG