Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:23

«Моя столицага» каршы доо арыздар арбыды


БИШКЕК. «Акыркы айларда сотторго «Моя столица» гезитин айыптаган онго жакын арыз берилди» деп билдирди ишембиде көз карандысыз гезиттин башкы редактору Александр Ким. Анын айтуусу боюнча, ушул эле аптанын шаршембисинде «Бишкек» Эркин Экономикалык Аймагында катталган «Мерли сайт» ишканасынын доо арызынын негизинде Ленин райондук соту «Моя столица» гезитин 500 миң сом, ал эми «Керосинге акциз илишти» («На керосиново навесили акциз») аттуу июль айында жарыяланган макаланын автору Ли Ларисаны 100 миң сом айыпка жыккан. Ушул эле аптада мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов гезитке байланыштуу «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери аркылуу билдирүү таратып, анда гезитти сепаратисттик идеяларды, жалган маалыматтарды таратууда, айрым инсандарды куугунтуктоодо жана патриоттук сезимдерди мазактоодо деп айыптаган эле.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG