Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: «БИЗ КИМ ЭЛЕК, КИМ БОЛДУК?»


Көчкөн Сактанов, Бишкек «Кыска убакытта, бир жарым кылым ичинде ала-салып үч идеология, үч мамлекеттик саясат жок болду. А бирок кыргыз эли өксүсө дагы, мүдүрүлсө дагы, чалынса дагы алар менен кошо жок болуп кетпеди»

Сөз оролу бүгүн кыргыз элинин белгилүү инсаны, «Теңир Ордо» уюмунун төрагасы Сарыгулов Ислам уулу Дастан мырзада.

- Дастан мырза, кепти бүгүн дал ушул биз ким элек, ким болдук деген армандан баштасак.

- Эркин, талашсыз, тарыхый чындыкка көңүлүбүздү бурсак. Биринчиси, мына кийинки жүз элүү жылдын ичинде кыргыз эли үч мамлекеттик идеологиянын астында басылып келди. Булар Кокон хандыгынын саясаты, падышалык Россиянын саясаты, большевиктердин саясаты. Ушул саясаттар өзүнүн кызыкчылыгын, албетте кыргыз улутунан кыйла өйдө койгону талашсыз. Кыска убакытта бир жарым кылым ичинде ала-салып үч идеология, үч мамлекеттик саясат жок болду.А бирок кыргыз эли өксүсө дагы, мүдүрүлсө дагы, чалынса дагы алар менен кошо жок болуп кетпеди. Демек, улут саясаттарга караганда түбөлүктүү, туруктуу, алардан бийик экенин тарых өзү тастыктап жатпайбы. Бул акыйкатты биз ушул күнгө чейин түшүнүп, кабыл алгыбыз келбей жатат. Мына экинчиси - коммунисттерин идеологиясы жетимиш жылдан ашып, ала-салып турмуштан кагылып өзү жок болду. Демократтар ким экенин он жыл ичинде эл жакшы түшүндү, алардын торуна түшүп, алданып, кантип чыгаарын бүгүн билбей жатат. Кѳпчүлүктү кыйнаган, жообу жок суроолор, көйгөйлүү суроолор бүгүн кандай? «Ушул туюктан кантип чыгабыз? Эртеңкибиз эмне болот? Балдарыбызды эмне күтүп турат? Эмнеге ишенебиз, эмнеге таянабыз, үмүтүбүздү эмнеге байлайбыз?» деген эле суроолор. Биз ушу суроолорго бир эле жооп таап атабыз, ал улуттук дөөлөт, рух, нак, салт , тил, дил. Мына биздин өнүгүү жолубуздун өзөгү деген бүтүмгө келип жатабыз. Ушу ойдун тегерегинде «Теңир Ордо» фонду негизги аракеттерин жүргүзүп жатат.

- Дастан мырза, байыркы ата-бабаларыбыздын фольклорунан баштап, жылдыз санап маселе чечкен астрономиясына чейинки эң мыкты мурастары эмнеде, же тагыраак айтканда, ыйман ырыскынынн түпкү себептери эмнеде? Ошо жѳнүндѳ айтсаныз.

- Эң мыкты мурас - Теңирчилик дүйнө таанымыбызда. Мына адал, арам, убал, кесир, сооп, пейил, ниет, арбак, Мекен, ыйман, намыс, абийир деген ыйык жана түбөлүк баалулуктарыбызда. Ушул рухий тазалыкты өзүнө сиңирип, камтыган улуу, түбөлүк билим болгон салт, адат, нарк-насилибизде, ырым-жырымыбызда, кыргыздын берекелүү пейилинде, ысык ыйманында. Ошол эле учурда мыйзамдар адамдын ачкөздүгүнө, дүйнө талашына гана чек коюп атпайбы. Мыйзам адамды ыймандуулукка, адамкерчиликке, соопчулукка чакыра албайт. Салык кодексин алалык, Бажы кодексин алалык, Граждандык кодексин алалык, Кылмыш кодексин алалык. Адамдын ачкөздүгүнө, дүйнө талашына чек койгон гана мыйзамдар. Мына ушу мыйзамдардын аткарылышы жазалоо коркунучу менен камсыздалып атат. Жазалоо коркунучу деле кылмышкерлерди токтото албай жатпайбы. Биздин түрмөлөрдө азыр 18 миң жарандарыбыз жатат. Алар деле билген, «ушу мыйзамды бузсам жазага тартылам, сот жообуна тартылам» деп. Мыйзамдар рух, дөөлөт мурастарына каршы болбой, аларга шайкеш келгенде гана толук иштеп, элдин келечегине, бакубат жашоосуна төбөлгө түзөт. Алар азыр кайра биздин улуттук салтка, наркка карама каршы келип атпайбы. Алар эч качан иштебейт, иштесе дагы өзүнүн тескери натыйжасын бергенине 10 жылдык тажрыйбабыз толук күбө болду. Ата-бабалардан жакшы сөз калган. «Хан бийлигинен нарк күчтүү». Себеби ошол салт, нарк - бул улуу билим.

- Дастан мырза, дагы бир суроо. Азыркы демократия аталган учурда анын бир дагы үгүт насааты, байыркынын жол жобусуна туура келбей жатат. Бир ордубуздан жылбай отурушубуздун себеби ушунда эмеспи?

- Мына кыргыздын демократиясынын бир өзгөчөлүгү дайыма салтка, наркка, адатка баш ийген. Алардан өйдө болгон эмес. Азыркы демократия аларды эске албай келатпайбы. Мыйзам мыйзамдан башка эчтекени билбейм деп атат. Мына коомдо Тендикти, Чындыкты, Акыйкаты жайылталбаган демократиянын пайдасынан зыяны көп. Андай демократия элдин шору, азабы экенин турмушубуз далилдеп берди. А биздин аксылыктар 6 ай болду акыйкат издеп табалбайт. Алар ун сураган жок, окат сураган жок, булар адилеттикти, чындыкты талап кылып атат. Ошол адилеттүүлүктү көздөп, ошого жете албай калгандан кийин кайсы теңдик жөнүндө сөз кыла алабыз?

Дастан Сарыгулов 1947-жылы төрөлгөн. Эмгек жолун өтүкчү болуп иштөөдөн баштаган. Жетимишинчи жылы Ленинграддагы инженер-куруучу институтун ийгиликтүү аяктаган соң, мастер, инженер, башкы инженер, куруу башкармасынын төрагасы, Ысык-Көл обкомунун бөлүм башчысы, Талас обкомунун акими, «Кыргызалтын» госконцернинин президенти жана Кыргыз Республикасынын депутаты болуп иштеген. «Турмуш көчү» «Теңирдин жолунан адашкан адам» аттуу публицистикалык китептердин автору.
XS
SM
MD
LG