Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

С. САДЫКОВА КЫТАЙ ЖЕРГЕСИНЕ КЫРГЫЗ ӨНӨРҮН ТААНЫТЫП КЕЛДИ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын «Карамолдо Орозов» атындагы эл аспаптар оркестри, «Ак Марал» бий ансамбли жана СССРдин эл артистери, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, чебер комузчу Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артистери Анарбек Ибраев, Керим Турапов, Саламат Садыкова сыяктуу өнөр адамдары кошулуп, жалпы саны 45 адамдан турган чыгармачыл жамаат ушул жуманын башында Кытай Эл Республикасында өткөн, эки жумага созулган чыгармачылык иш-сапардан келишти.

Жакында кыргыз көркөм өнөр чеберлери Кытай Эл Республикасынан чыгармачылык сапардан келишти. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын «Карамолдо Орозов» атындагы эл аспаптар оркестри, «Ак Марал» бий ансамбли жана СССРдин эл артистери, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, чебер комузчу Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артистери Анарбек Ибраев, Керим Турапов, Саламат Садыкова сыяктуу өнөр адамдары кошулуп, жалпы саны 45 адамдан турган чыгармачыл жамаат ушул жуманын башында Кытай Эл Республикасында өткөн, эки жумага созулган чыгармачылык иш-сапардан келишти.Эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштар боюнча келишимдин негизинде уюштурулган чыгармачылык сапарында Кыргыз өнөрпоздору Үрүмчү,Бээжин шаарларында өнөрлөрүн тартуулашкан. Мына ошол чыгармачылык сапары жана Кытай жергеси кандай таасир калтыргандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова айтып берди.

- Негизинен концерт жакшы өттү. Үрумчүдө, программабыз көбүнчө классикага орун берди. Опералык чыгармалар көп аткарылды десем болот.Анан улутук фольклордук чыгармаларды тартууладык. Самара эже күү чертип атты. Эстебес агай акындыгы менен, саламдашуусу менен концертти баштап берди. Негизинен көрүүчулөр менин байкоомдо ханзу-Кытайлык жергиликтүү тургундар болду. Кыргыз улуттук маданиятынын өкүлдөрү болгондон кийин ошол жактагы боордош кыргыздар көбүрөөк болсо экен деп ойлойт экенсиң. Бирок алар аз санда гана болушту.

- Үрүмчү шаарынан кийин Бээжин шаарына барган турбайсыздарбы. Бээжин шаары сизге кандай таасир калтырды?

- Менин угушума караганда, Орто Азиядан Пекинге биринчи жолу барган биз болуптурбуз. Кытай маданият министирлигиндегилер айтышты. Канчасы чын, канчасы жалган экенин билбейм. Мага абдан таасири чоң болду. Мао Цзедундун музейин көрдүк, айтылуу Улуу Кытай сепилине бардык. Негизи, адам толкундана тургандай сезим калтырды. Борборунда концерт бердик. Биздин элчиликтин өкүлдөрү бар экен. Бир азыраак студенттер бар экен. Мен ошол студенттерге аябай ыраазы болуп калдым. Өзүлөрү бөлөк эл, бөлөк жерде жүрүшсө дагы биздин кучагыбызга гүлдестелерди толтурушту.

- Кытай Эл Республикасына барганда, жеке маданий байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бодубу?

- Көпчүлүктүн шары менен жүргөндө, ал жерде менин кызыкчылыгымды көздөгөн менеджер-продюссер болгон жок. Биздин айрым солисттер келишим түзүп келишти. Мисалы Керим Турапов жеке концертин берүүгө сүйлөшүп келди.

- Ошол жакта жашаган кыргыз боордошьорго жоолуга алдынызбы?

- Ооба, ооба. Жолуктум. Бээжинден келатып Үрүмчү шаарында эки күн болдук. Ошондо, Үрүмчүдө жашаган Толкун деген азамат бар экен. Үрүмчүнүн радиосунда иштейт. Журналист, жазуучу экен. Бул жактагы кыргыздардын маданиятына, адабиятына, тарыхына абдан кызыгат экен. Байланыш түзсөмбү деген ою бар. Үйүнө барып келинчеги Айсалкын менен тааныштым, эки уулу бар экен.

- Өнөр адамдарынын ар бир чыгармачылык сапарында өзгөчө көңүлдө калган учурлар көп болот эмеспи. Деги эле Кытай жергеси сизге кандай таасир калтырды?

- Негизи ал жакта тартип катуу сыяктуу. өзүнүн баскан-турганына,сүйлөгөн сөзүнө көз салып тургандай. Кайра келатканда 48 саат поезд менен келдик. Кытай жерлери жатат керилип, суулары созулуп, тоолоруна көз жетпейт. Ушул тапта аябай өнүгүп жаткан өлкө экенине көзүм жетти. Телевизорунда бир нече каналдар күнү-түнү ар түрдүү концерттик программаларды көргөзүп турат. Биздегидей бир-эки эле киши эмес, жүздөгөн артистер катышкан концерттер экен. Демек, бул туюнган маданияты биринчи орунда турган мамлекет экенин көрүп келдим. Тилин да, дилин да абдан катуу сактаган эл экен. Башка бирөөнүн тилине да, маданиятыне да кызыкпаган эл экен.

XS
SM
MD
LG