Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Украинада арам акчаны адалдоого бөгөт коюлду


Украина президенти Леонид Кучма арам акчаларды адалдаштырууну чектөө жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Мыйзамга Парижде жайгашкан арам акчаларды адалдаштырууга каршы күрөшүүчү финансылык уюм белгилеген мөөнөттөн сегиз күн эрте кол коюлган. Парламент мыйзам долбоорун ишемби күнү кабыл алган эле.
Парижде жайгашкан финансылык уюм Украин бийликтери мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөшүү боюнча атайын мыйзам кабыл албаса, расмий Киевке каршы санкция жарыяламак болуп жаткан.
Украин президентинин өкүлүнүн маалымдашынча, жаңы мыйзам парламент бекиткенден 6 айдан кийин же келерки жылдын 28-майында күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG