Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Польша Европа биримдигинин сунушуна макул эмес


Брюсселде ЕБга талапкер 10 мамлекетти уюмга кабыл алуу боюнча 4 жылдан бери келаткан сүйлөшүүлөрдүн соңку- жыйынтыктоочу бөлүгү башталды. Жыйынга талапкер 10 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышууда.
Польшадан башка талапкер өлкөлөр Дания ЕБ атынан сунуш кылган компромисске макул келүүдө.
Польшанын тышкы иштер министри Влодимирж Чжимошевич: «Айрым орчун проблемаларды азыр чечүүнү талап кылып жатабыз. Польшанын бюджетине жана польшалык фермерлерге көрсөтүлчү финансылык колдоонун суммасы боюнча биздин аргументибиз дагы бекемделди», деп билдирди жыйын алдында кабарчыларга.
Чехия менен Мажарстан Евробиримдик айыл чарба тармагын колдоо боюнча сунуш кылган жардамдын көлөмүнө макул болгон. Балтика өлкөлөрү менен Словакия да мунасага келгени турат.

XS
SM
MD
LG