Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Ердогандын сөзү оңунан чыкпады


«Түркияда 12-13-декабрда болчу Европа Биримдигинин саммитинде биримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтүн тактатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Түркиянын мүмкүнчүлүгү кеминде 50 % болот» деген үмүтүн айткан эле Түркиянын башкаруучу партиясынын төрагасы Режеп Тайып Ердоган Даниядагы сапары алдында.
Бирок, Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен бүгүн Копенгагенде Режеп Тайып Ердоган менен болгон сүйлөшүүдө «Түркияны Ебга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтү такталгандан мурда, Анкара саясый жана адам укугу жаатындагы реформаларды аягына чыгыш керек», деп эскертти. Түркия, Расмуссендин сөзү менен айтканда, «кагаз бетиндеги реформаны чыныгы реформага айлантышы лаазим».
Ердоган өз кезегинде «ЕБга 2004-жылы кошулганы жаткан 10 өлкөнүн алтоо мүчөлүккө зарыл шартты аткарбайт. Биримдик жалпыга тегиз мамиле жасабайт», деп Европа биримдигин күнөөлөп өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG