Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Ирак куралсызданбаса, аны куралсыздандыруу керек болот дейт Ричард Армитидж.


«АКШ президенти Жорж Буш Ирак маселесинде сабырдуулук кылат. Бирок, Багдад өз ыктыяры менен куралсызданбаса, аны куралсыздандыруу керек болот», деди АКШ нын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитидж бүгүн Токиодо.
Билдирүү Япония өкмөтүнүн жетекчилеринин бири Ясуо Фукуда менен болгон кездешүүдөн соң жасалды.
Армитидждин айтышынча, Буш али Иракка чабуул коюу боюнча бир тыянакка келе элек жана Ирак алаамат куралдарын жок кылуусу үчүн эл аралык коомчулук ага кысым көрсөтүүсүн токтопош керек.

XS
SM
MD
LG