Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Телефон террористтери сурак берүүдө


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдон алынган маалыматка караганда, 7-декабрда Бишкектин «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнө мина коюлган деп телефон чалуудан мамлекет жүз миңдеген сомдук зыян тартты. Анткени, дүкөндү дароо жаап, текшерүүгө ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө тобунун 64 кызматкери жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу иштөөгө мажбур болгон. Ички иштер министрлик өкүлүнүн маалыматы боюнча бул телефон аркылуу коркутуу деп катталган жыл ичиндеги жетинчи факт. Ушул жыл башында Бишкекте жана өткөн жумада Балыкчы, Кайыңды шаарларындагы мектептерге жардыргыч коюлган деп телефон чалышкан жаш өспүрүмдөр кармалып, азыр сурак берип жатышат. Ал эми «Айчүрөк» дүкөнү тууралуу телефон чалган адамды алгачкы иликтөө болжолдоп койду.

XS
SM
MD
LG