Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Кара-Кулжада Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери жыйын өткөрдү


КАРА-КУЛЖА. 9-декабрда Кара-Кулжа райондук акимиятынын жыйындар залында № 33 Кара-Кулжа шайлоо окуругунан шайлоого катышуу укугунан ажыратылган Үсөн Сыдыковдун жактоочуларынын жыйыны болду. Ага район акими Рашид Тажибаев жана 150 дөй адам катышты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Сыдыковдун шайлоо штабынын башчысы Тургунбай Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, жыйында Сыдыковдун тарапкерлеринин Ош шаарында өткөн президент Аскар Акаев менен жолугушуусу жана мындан ары кандай аракет жасоо маселеси талкууланды. Жыйын соңунда 7 пункттан турган токтом кабыл алынды. Анда Сыдыковду шайлоодон четтетүү тууралуу соттун чечимин мыйзамсыз деп табуу, президент Аскар Акаевдин Кара-Кулжа шайлоочулары менен жолугушуусу, Тажиниса Абдырасулова жетектеген депутаттык комиссиянын эл менен кайрадан жолугушуусу жана Сыдыковго добуш берген шайлоочулардын укугу корголмойюнча бул округда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайлоо өткөрбөө талаптары жазылган.Кара-Кулжа район акиминин катышуусу 9-декабрда жыйын болгонун райондук акимияттан ырасташты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG