Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Баткен областынын акимчилигинде кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулаган кеңешме өттү


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. 9-декабрда Баткен областтык акимчилигинде кыргыз – тажик чегиндеги чек ара жана бажы постторуна байланышкан абалды талкуулаган кеңешме өттү. Кеңешмеге областтык бардык органдарынын жана бул маселеге тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери катышып, 22-ноябрда өткөн ушундай эле маанидеги жыйында эки өлкөнүн чектеш аймактарына бажы жана чек ара постторун коюу тууралуу токтомдун аткарылышы каралды. Алгач область губернаторунун орун басары Абдумажит Абдрахманов өткөн жумада бул маселе боюнча Дүйшөмбү шаарында эки республиканын бажыканасынын жетекчилеринин жолугушунда катышканын, анда эч кандай маселе чечилбей, тажик тарап кыргыз атуулдарын ар кандай шылтоо менен жөнү жок текшерип, элди кыйнап жатканы айтылып, элди мындай азаптардан куткаруу үчүн тиешелүү чараларды көрүү керектиги, чек ара аймактарына кыргыз тараптын жогорудагыдай постторун коюу иштери али толук бүтө электиги жана аны тездетүү зарылдыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG