Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

КМШдагы мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин бешинчи жыйыны Бишкекте өтө турган болду


БИШКЕК. 10-11-декабрда Бишкекте өтө турган Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин 5-чи жыйынына катышуу үчүн 9-декабрда Кыргызстанга Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло келет. Аны менен кошо Коллективдүү коопсуздук келишимине мүчө Армения, Беларустун , КМШыга кирген Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украинанын коопсуздук кеңештеринин катчылары келет. КМШга кирген мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкек жыйынына байкоочу катары катышат. Коопсуздук кеңештеринин катчылары Бишкекте Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүүчү жыйында Ирак жана коопсуздук багытындагы кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG