Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН МАМИЛЕСИ КАЙРАДАН СОЛГУНДАЙ БАШТАДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жай айынан бери оппозиция менен бийликтин ортосунда мамиле жакшырып, оппозициянын өкүлдөрү менен президент бир нече жолу маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп, Конституциялык Кеңештин жыйынында да чогуу болуп, Баш Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө бир ымалага келгендей болду эле. Бирок, ноябрь айынан бери бийлик менен оппозициянын мамилеси кайрадан солгундап, 3-декабрда Ош шаарында элдин айрым өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда мамлекет башчысы Аскар Акаев оппозиция менен мындан ары Конституциялык Кеңештин жыйынында отурбай турганын ачык айтып чыкты.

Кыргыз мамлекет башчысы Аскар Акаевдин 3-декабрда Ош шаарында оппозицияга карата айтылган пикири коомчулукта бир топ талкууну жаратып отурат. Ал түгүл Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков президенттин Ошто айткан пикири менен макул эмес экенин, анын «Исмаил Исаков 1999-жылы Баткенге куралчан жоо кирип келген учурда бийликти таштап качып кетти» деп айтканы жеке аброюна доо кетирди, эгер кечирим сурабаса, Акаевди сотко берээрин билдирди. Ал эми мамлекет башчысынын «мен жайдан бери оппозиция менен сүйлөшүүгө аракет жасап, алар айткан сунуштарды аткарып келдим. Бирок, соңку кездерде алар менен бирге отуруп пикир алмашууга мүмкүн болбой калды. Мен мындан ары алар менен чогуу бир столго отуруп, Конституциялык Кеңештин ишине катышпайм. Алар Конституцияга каршы аракет жасап жатышат. Бийлик да, кыргыз өкмөтү да алардын аракетин токтотуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барат», деп айтканы саясатчылардын, эксперттердин арасында ар кыл пикирди жаратууда.

Эксперттердин айрымдары, мындай пикирди президент кызуулукка алдырып айтып алышы ыктымал, бирок, президент оппозицияга нааразы болгону менен, баштаган ишти орто жолго таштабайт, деген ишенимде. Мындай пикир менен 1-вице премьер министр Курманбек Осмонов да макул. «Президент деле адам, аны чыдамдан чыгара берген деле болбойт да. Канча сүйлѳшүүлѳргѳ барып атат, канча уступкаларга барып атат. Мындай жүйѳлүү сунуштар, жүйѳшүү талаптар болсо канчасына ынанып макул деп атат. Кээ бир талаптар ультимативдүү түрдѳ болуп калып атат. Анан албетте алардын жетелөөcүүндө болбош керек да, ошон үчүн адамдык жагынан алганда дагы, укуктук-мыйзамдык жагынан алып караганда дагы президентти түшүнүүгѳ болот. Конституциялык Кеңештин иши жалпы элдик талкуу бүткѳндѳн кийин уланат», дейт Курманбек Осмонов.

Ал эми айрым эксперттер, «Аскар Акаев Америкага болуучу иш сапарынын алдында оппозиция менен диалогго барып, алардын пикирин угуп, Конституциялык Кеңешти чакырып, Баш Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө жасаган кадамы, америкалык жетекчиликтин көңүлүн убактылуу бурдуртуу үчүн гана керек болгон. Мына эми ал кайрадан баштагы жолуна түшкөнүн Оштогу сөзү да бышыктап жатпайбы» деген көз карашын билдирип жатышат. Аскар Акаевдин оппозицияга карата мамилесинин өзгөрүшүнө Конституциялык кеңештин мүчөсү, Эл партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов да кабатырланып жатканын жашырбады. «Президент мырзанын эгер Ошто ошентип айтканы чын болсо мен үчүн абдан күтүүсүз. Кебетеси, ошол, эмоция менен, баягы пенделик сѳзү менен ачууга алдырып койгондур деп ойлоп атам. Анткени Президент мамлекет башчысы катары биринчи иретте башкасы айтса дагы, оппозиция айтса дагы, келишпес саясый оппоненттери айтса дагы, ал киши антип айтпаш керек эле. Анткени бүгүнкү биздин коомдук ѳнүгүштө ташка тамга басылгандай ѳжѳр факты - бул оппозицияны, канчалык эки жээктеги, эки ортодогу жараканы алыстатсак , диалогдон качсак, Конституциялык Кеңешме болобу, тегерек стол болобу, башка бир саясий кызматташтын жолунан качсак - бизди Кыргызстанды, жакшылык күтпѳйт деп эсептейм. Ал түгүл бизди Аксыдан дагы жаман окуялар күтүшү мүмкүн. Анткени азыр бир гана жол бар. Таптакыр бири-бирибизди бет карашпай жаман кѳрсѳк дагы, таптакыр саясатыбыз келишпесе дагы, Кыргызстанды сактап калуунун, бүгүнкү абалдан чыгуунун жолу бул диалог, орусча айтканда «уступка», бири бирибизди түшүнүү деп ойлойм», дейт Мелис Эшимканов.

Кыргыз коомчулугун учурда түйшөлткөн башкы маселе да ушул болуп, бийлик менен оппозициянын ортосунда жай айынан бери уланып келген өз ара сүйлөшүүлөрү токтоп, кайрадан тирешүү күчөп, өлкө стабилдүүлүгүнө доо кетпесе болду деп эксперттердин кооптонуп жатканы бекеринен эместир.
XS
SM
MD
LG