Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТ БЕТТЕРИНЕН МААЛЫМАТТАР


Мураталиев Муса, Москва

Канттагы аба майданына биринчи жолу орусиялык согуштук жүк ташуучу учактар келип конгондугу «НАТОну орусиялык согуштук-аба күчтөрү кысып чегиндирет» деп аталган макалада («Коммерсант», 02. 12. 02) кеп болот. «Алар Кантка согуштук база түзүү үчүн техникаларды жеткирген. Министр Эсен Топоевдин айтканына караганда, бул согуштук базада Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлеринен түзүлгөн бөлүктөр кызмат өтөшөт. Келишим алкагында 6 өлкө 70 тен 100 гө дейре аскер жиберишет. Ошол эле учурда Ооганстанда террорчулукка каршы акциялар башталар алдында алып барылган НАТОго мүчө болгон өлкөлөрдүн учактары да Кыргызстанда ушул убакка чейин калышууда», деп жазат газета.

Орусиялык учактар Кыргызстанга келишими жок, бюжетте каралган акчасы жок капилеттен барып калгандыгы туурасында «Новые Известия» (04. 12. 02) жазат. «Кантка үч Су-27, эки Су-25, эки согуштук жүк ташуучу Ил-76 жеткирилген. Базада баш-аягы 23 согуштук учак жана эки тик учма болору айкын болот. Адисттердин пикирине караганда, Канттагы учактар майданын оңдоого бери дегенде 300 миллион доллар коротулат жана андай акча кайдан алынары белгисиз. Орусия өкмөтүнүн колунда аскерди чет мамлекетте пайдалануу чечими жок жана андай чечимди бир гана Федералдык Кеңеш чыгара алат. Албетте, Путиндин демилгеси жерде калбайт, аны мыйзам чыгаруу органдары колдоого алып керектүү мыйзамды чыгарып берет, бирок ал согуштук базаны кармоого жылына 200 миллион доллардан кем эмес чыгым керек болот. Маселен, базадагы 500 аскер кызматындагылар жана 200 граждандык адисттер ар күнү алуучу чөнтөк акысы 42 доллардан болот». Газета андан ары «Владимир Путиндин буйругу менен Кантка шашылыш жеткирилген согуштук учактар бир гана шарттан улам - Аскар Акаевдин, оппозиция менен ири кагылышуу алдында тургандыктан, атайын жасаган өтүнүчүнөн улам болду», деп жазат.

«Ведомости» (05. 12. 02) гезитине чыккан макалада, «Кремль кожоюнунун Кытай, Индиядан кийин Кыргызстанга келишинин согуштук-саясий масилеттер менен киндиктеш экени көрүнүп турат» деп жазат. «Орусиялык аналитиктердин баамында, Путиндин алдындагы милдет - бир эле азыркы кыргыз лидерине колдоо көргөзүү эмес, ошону менен катар Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды Батыштын террорчулукка каршы күрөшүнүн форпосту катары кармап туруу болуп эсептелет. Коргоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, келе жаткан жазда Москва менен Бишкек ортосунда орусиялык согуштук учактардын Кыргызстанда дайыма туруп туруусу боюнча келишим тyзyлoт. Андай макулдашууга жетиш үчүн Кыргызстандын мойнунда карыздын үчтөн экисин (б.а. 60 миллион долларга чукулун ) Орусия кечүүгө даяр», деп жазат Никольский менен Евстигнеева. Ал эми Орусиянын алдындагы Кыргызстандын карызы 160 миллион доллар экенин башка гезиттер («Независимая газета», 05. 12. 02., «Время новостей», 06. 12. 02) жазышты.

Орусиялык лидердин Кыргызстанга келишин Москванын стратегиясындагы кандайдыр-бир сапаттык бурулуш катары баалап, «Время новостей» (06.12.02) гезити «Орусия муну Борбор Азиядагы согуштук-аскерий катышы мурдагы абалына кайтып келгендигин көрсөтүү үчүн жасады», деп жазат. Москвадагы Карнеги борборунун директорунун орун басары Дмитрий Трениндин пикири боюнча, «Коллективдүү Коопсуздук Уюмунун абалынын жакшырышы аны мындан ары согуштук-саясий блокко айлануусунан» кабар берет. Ал эми КМШ өлкөлөрү Институтунун адиси Андрей Грозиндин ою боюнча, буга окшогон региондук бирикмелерди АКШ таасирине теңеп болбойт («Известия»,05. 12. 02).

«Ошол эле учурда улуу державалар аскерий жардам берип жаткан регионго араб өлкөлөрү исламдык көз караштын бузулгус дубалын тургузуу менен алек. Кыргызстанда араб өлкөлөрү каржылап курдурткан мечиттердин саны улам артып барат. Он жыл ичинде Өзбекстанда ал өлкөлөрдүн каражатына курулган мечиттердин эсеби 5 миңге жеткен. Тажикстан президенти Эмомали Рахмоновдун сөзүнө караганда, кийинки жылдары болуп көрбөгөндөй көп курулган мечиттерде эми экстремизмге карай калкты тукуруу жумуштары жүргүзүлүүчү болгон».

Орусиянын ички маселесинде кеңири талашка түшкөн кеп Москва калаасынын мэри Юрий Лужковдун жаңы демигеси болууда. Калаа башчы президент Путинге кат жөнөткөн. Ал катта Орусиянын түндүгүн карай акчу Обь дайрасын буруп, Орто Азияга канал менен алып келип ал регионго суу сатуу маселеси көтөрүлгөн. Ал региондо суунун баасы жакында мунай зат баасына теңелет, деп жазылат ал макалада («Комсомольская правда»,05. 12. 02). «Сибирде жаткан Томск калаасында 2-декабрда Тышкы экономикалык байланыш кеңешинин отуруму өтүп, анда Кыргызстан менен кызматташуу маселеси каралган. Соодадагы байланышты алганда, Кыргызстан азыр Казакстан, Украина жана Өзбекстандан кийинки, б. а. төртүнчү орунда экен. Эми болсо жаңы келишим түзүп, этегине Кыргызстан тараптан Н. Танаев, Сибирь федералдык округу тараптан Л. Драчевский колдорун коюп бышыкташканын» «Красноярский рабочий» (03. 12. 02) гезити жазат.
XS
SM
MD
LG