Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

ИРАКТЫН ОТЧЕТУ КИМГЕ ОГОЖО БОЛОТ?


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде эксперттер Ирактын аскери программасы жөнүндөгү отчету менен таанышканга киришти. Документ үргүлжү түрүндө Кеңештин туруктуу беш мүчөсүнө таркатылды. Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, Вашингтон администрациясы документти кылдат талдап,таптиштеп чыккан соң гана бир жаңсыл тыянак чыгармакчы. Бирок америкалык аналитиктер Ирактын отчету Кошмо Штаттарына Багдадга каршы согуш баштаганга жакшы огожо болуп бериши ыктымал деп болжолдошот.

Ирактын 12 миң бетке чукул отчетунун көчүрмөсүн Кошмо Штаттары Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнө таркатып берди.Аскери эксперттер болсо документтин урунтуу бөлүктөрүн талдап-таптиштөөгө киришти,айрымдары атүгүл аны олуп-чолуп окуп чыкканга да үлгүрүштү. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин - МАГАТЭнин өкүлдөрү,мисалы,бир куржунга жүк болор бу документте айланып келип келип эле Ирактын массалык апаат салчу эч кандай куралы жок деп айткан президент Саддам Хусейндин сөзү кайталанат дешет. Отчет эми түгөлү менен арабчадан англис тилине которулушу керек,андан соң аны менен Иракта иштеп жаткан инспекторлор таанышып,документте камтылган маалыматтар менен фактыларды же тастыктап,же төгүндөп берүүгө тийиш.Кокус анын кылайган эле кынтыгы чыгып калса,анда бул,америкалык аналитиктердин болжолунда, Вашингтон администрациясына Иракка каршы согуш баштаганга табылгыс огожо болуп бериши мүмкүн.Ошол эле учурда Вашингтондогу Брукинг институтунун аналитиги Мартин Индыктын айтымында,бул иште президент Буштун абалын кыйындата турган да жагдайлар бар.Эгер инспекция иши узарып кетсе,анда Саддам Хусейндин мүмкүндүгү артат.”Азыр ал ырастан эле бизди инспекциялык капканга түшүрүп алгандай болду,биз анын массалык кыргын салчу куралдары бар экенин айтабыз,бирок аны ырастай албайбыз”,-деп айтты Индык. Ал эми тышкы мамилелер боюнча бейырасмий кеңештин эксперти Кеннет Поллак болсо президент Буш алиге чейин конкреттүү бир бүтүмгө келе элек деп ишенет.Байкоодо ал инспекциянын жүрүшүндө бир огожо табылып каларына үмүт кылып жаткандай.Бирок “үмүт деген план эмес,үмүткө таянган саясаттын ийгилиги өтө күмөндүү. Анын үстүнө дүйнөдөгү эң ири держава үмүткө гана негизденген саясат менен жашай албайт”, - деп эсептейт Поллак.

Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер Ирактын отчету азырынча Вашингтонго аныгынан кадиги көптөй таасир калтырып жатканын ырастады. “Ирак буга чейин такай жалган айтып келгени калетсиз. Ал Кошмо Штаттарын,Бириккен Улуттар Уюмун,эл аралык инспекторлорду алдап келген. Бул жолку документте эмнелер айтылганы белгисиз, андыктан ага кандай жооп берүү керектигин да биз али билбейбиз”,-деп билдирди ал.

Ирактын отчетун ООНдун баш катчысы Кофи Аннан кантсе да жакшы жышаанга жоруду. “Согуш айныксыз нерсе эмес,негизгиси президент Саддам Хусейн куралсызданышы керек,инспекторлор менен толук өлчөмдө кызматташып,ООНдун алдында өзүнө алган милдеттенмесин аткарышы керек.Эгер мунун баары жасалса,мен согуш үчүн эч кандай жүйөөнү көрө албайм”,-деп айтты Кофи Аннан.

Ал эми Иракта болсо инспекция иши кыйгас кызыды,анын масштабы да кеңейди. Шейшемби күнү инспекторлор бир эле мезгилде беш обьектти,алардын ичинде Сирия менен тогошкон чек ара тоомуна жакын жердеги уран шахтасын,ошондой эле Багдадга чукул турган атомдук эң ири илимий борборду каркап карап чыгышты.Ушул эле күнү Иракка инспекторлордун дагы бир бригадасы келип түштү.

XS
SM
MD
LG