Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Акциз салыгынын өлчөмү аныкталды


БИШКЕК. 10-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстанга алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын өлчөмү жөнүндө» Мыйзамды кабыл алышты.Өкмөт 2003-жылы акциз салыгынан 640 млн. сом киреше алууну болжоодо. Акциз салыгы салынган 20дан ашуун товардын ичинде мунай заттары, арак-шарап, тамеки, зергер буюмдары бар. Депутаттар бензинге акциз салыгынын көп коюлушунан контрабанда күчөп, андан мамлекеттин бюджети жылына 500 млн. сом жоготуп жатканын билдирип, бир тонна бензинге акциз салыгын 3 миң сомдон, 1,5 миң сомго төмөндөтүүнү сунуш кылышты. Финансы министринин орун басары Аскарбек Шадиев акциз салыгын төмөндөтүү Эл аралык Валюта Фонду менен макулдашылмайын мүмкүн эмес экенин эскертти. Депутаттар бул маселени Эл аралык Валюта Фонду менен кеңешип, келерки жылдын биринчи кварталында чечүүнү өкмөткө сунуш кылышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG