Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери Өзгөндө жыйын өткөрдү


ӨЗГӨН. 9-декабрда Өзгөн районунун акимчилигинде район акими Расул Жолдошевдин, Ош областтык кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Исабаевдин катышуусу менен Үсөн Сыдыковдун шайлоочуларынын жыйыны болду. Ага 300дөн ашуун шайлоочу катышканы айтылууда. Жыйындын катышуучулары Президент А. Акаевдин кара-кулжалык шайлоочулар менен түздөн-түз жолугушуусун, № 33 Кара-Кулжа шайлоо округундагы кырдаалды иликтеген парламенттик комиссиянын өз ишин аягына чыгаруусун, Сыдыковду коргоо комитетинин мүчөлөрүн куугунтуктоону токтотууну, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Абсамат Масалиевди, Адахан Мадумаровду, Азимбек Бекназаровду жана Исмаил Исаковду жамандоону токтотууну талап кылган токтом кабыл алышты. Токтомду аткарууга 25-декабрга чейин мөөнөт коюлду. Бул тууралуу шейшембиде Ү. Сыдыковду коргоо штабынын мүчөсү Анарбек Абазов билдирди. Өзгөн райондук акимиятындагылар мындай жыйын болгонун ырасташып, бирок ага катышкан адамдардын саны бир кыйла аз болгонун белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG