Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитети район акимине кайрылды


АКСЫ. 10-декабрда депутат Азимбек Бекназаровду жана Аксы окуясында жабырлангандардын укугун коргоо комитети Аксы районунун акими Абдымалик Эгембердиевге кайрылуу жолдоду. Анда кат ээлери 19-декабрда райондун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал базардын жанында мыйзамдуу митинг өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүштү жана эртен мененки саат ондон түшкү саат үчкө чейин боло турган митинг учурунда тартипти сактоону комитет өз мойнуна ала тургандыгын кабарлашты. Бекназаровду коргоо комитетинин төрагасы Жаныш Курбановдон бул тууралуу 10-декабрда алынган маалыматка караганда, буга 17-18-марттагы Аксы окуясын тергөөнүн кечеңдеши, анын жүрүшү тууралуу маалыматтын жоктугу башкы себеп болду жана митинг мына ушул маселелерди талкуулоону максат кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG