Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны башталды


БИШКЕК. 10-декабрда Бишкекте Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук катчыларынын комитетинин 5-жыйыны башталды. Ага Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун,Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышып, ошондой эле Азербайжандын, Грузия,Молдова жана Украинанын коопсуздук кеңештеринин өкүлдөрү байкоочу катары катышууда . Кыргыз делегациясын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Аскарбек Мамеев жетектөөдө. Жыйынды ачкан Мамеев Борбор Азияда регионалдык жана улуттук деңгеелде коркунучтар сакталып турганын жана буга Ооганстандагы кырдаал көп жагынан өбөлгө түзүп турганын билдирди. Коопсуздук кеңештеринин катчыларын президент Аскар Акаев кабыл алып, терроризмге каршы күрөштө, коопсуздукту сактоодо Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин ролун жогору баалады. Жыйында регионалдык коопсуздук маселеси менен катар Ирактын айланасындагы кырдаал да талкууланмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG