Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

ОРУСИЯ ЖАНА БОРБОР АЗИЯ СУУ МАСЕЛЕСИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕ


Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Москва калаасынын мэри Юрий Лужков Сибирдеги түндүкту карай акчу дайранын бири Обдун жээгинен канал аркалуу суу алып чыгып Борбор Азия өлкөлөрүнө cуу сатуу маселесин көтөрүп чыкты. Ал атайын кат менен президент В. Путинге кайрылган. Аналитиктер андай долбоор ишке ашканда Орусия сууга таңсык болуп атышкан Казакстан, Өзбекстанга суу сата баштайт. Эмне дегенде жакында суунун наркы нефти жана газ баасы менен теңелет дешүүдө.

CCCРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун тушунда советтик жазуучулар арасынан «патриот» тобу - ал кезде орус улутчул жазуучуларды биз ошентип атоочубуз - Залыгин, Распутин жана башкалар «түндүктөгү дайраларды Орто Азияны карай бурабыз» деген илимпоздордун долбоорун сынга алышып, аны коомчулук колдоого алып, акыры Кремль бийлиги ал демилгени тыйып салган. Арадан он жыл өтпөгөн убакта ошол проблема кайрадан коомчулуктун талдоосуна алына баштады. Мындай дегенибиз, бул күндөрү Москва калаасынын мэри Юрий Лужков Сибирдеги түндүктү карай акчу дайранын бири Обдун жээгинен канал аркалуу суу алып чыгып Борбор Азия өлкөлөрүнө сатуу маселесин көтөрүп чыкты. Ал атайын кат менен президент В. Путинге кайрылган. Каттын арибинде андай долбоор ишке ашканда Орусия сууга таңсык болуп жатышкан Казакстан, Өзбекстанга суу сатып марыйт. «Ал табият байлыгынан арзыганыбызча киреше алабыз. Эмне дегенде, жакында суунун наркы нефти жана газ баасы менен теңелет. Андай бааны сууга таңсыктыгы бар ал өлкөлөр өздөрү бычат», деп айтылат.

Журналисттер аркалуу келген маалыматта, президент В. Путин кайрылууну жылуу кабыл алып, «карап чыккыла» деп аппаратына берген. Ал туурасында президент администрациясынын жетекчисинин орун басары Алексей Волин : «Юрий Михаилович Лужковдун сунушун, элден мурун, көтөрүлүп жаткан маселени жүргүзүүчү Экономикалык өнүгүү министирлиги, Табият министирлиги, Илим жана технология боюнча жана башка министирликтер анализден өткөрүп, бир бүтүмгө келүүлөрү керек», -дейт.

Сууну бийлик Обь дайрасынын Ханты-Манси автономиялык округу аркалуу өткөн жеринен канал аркалуу алып чыгат. Канал Түндүк Муз Океанын карай акчу дайранын жээгинен чыгып, Сыр дайра менен Аму дайра жээгине дейре аларга кошулат. Каналдын узундугу 2550 чакырымды түзөт, тереңдиги 16 метр, кеңдиги - 200 метр болот.

Долбоорго каршы чыгып жаткандар да бар. Алардын бири - Орусия илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, президенттин экология боюнча кеңешчиси, белгилүү окумуштуу Алексей Яблоков. «Мурда жасалган бардык иликтөөлөр Орто Азияга кошумча суунун кереги жок экендигин далилдеген. Ал жакта суу жетишерлик. Кеп, колдо бар сууну ысырап кылбай, сарамжалдуу пайдаланууда турат. Жерди кичинеден үнөмдөп сугаруу методуна өтүү керек. Пахта эгилген талааларга алар сууну 3-4 эсе көп пайдаланышат. Дүйнөдө пахта айдаган бир да өлкө сууну мындай көп ысырап кылбайт», дейт ал.

Лужков көтөрүп жаткан долбоордун жүзөгө ашышы 30 миллиард доллардын ары-бери жагындагы каражатты талап кылат. Албетте, ири мамлекет болсо да Орусия үчүн бул оорчулук кылат. Эмне дегенде, бул эсеп мамлекеттин бир жылкы бюджетинин жарымына барабар. Ошого карабай, Орусия ал долбоорун турмушка ашырууну көздөп калганы байкалып турат. Келечекте канал казууга жумшалган каражатты бат эле кайтарып алууга болот деген пикирлер айтылууда. Андан тышкары, ал долбоорду ишке ашырууда болочокто суу сатылуучу өлкөлөрдүн каражатын тартууну көздөп жатышканын кеп кылышууда.

Совет бийлигинин тушунда өлчөп-ченеп карай келгенибизде суусу түндүктү карай акчу дайраларды түштүктү карай буруу идеясы М. Горбачевдун тушунан мурун да болгон экен. Андай мүдөө Шараф Рашидов Өзбекстандын БК биринчи катчысы болуп турган кезде болуптур. Бирок Кремлдин ал кездеги кожоюнуна мүдөө анча жакпай, ошол себептүү 1986-жылы КПСС БКнын чечими менен тыйылып калган экен. Азыркы демилгечилердин эсебинде советтик кезде эске алынбай калган бир артыкчылык бар экен. Ал туурасында ТВС сыналгысынын журналисти Вячеслав Гузь: «Бүгүнкү долбоорду иштеп чыгышкандардын колундагы көзүрү - бул талаш-тартышта аларга дем берип жаткан артыкчылык - ичүүгө жарачу суунун барган сайын кымбаттап баратышы болуп жатат. Келечекте суунун баасы нефти менен газдын баасына теңелет. Ошондуктан аны азиаттарга сатуу пайдалуу болот», дейт.

Орусиядай мамлекет үчүн бул каналды чабыш анча деле кыйынчылык туудурбайт. Бизди ойлонткон жагы - суунун товар катары сатыкка түшө башташы болду. Аны Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет эмес, Орусиядай ири мамлекет озунуп сунуш этиши арзырлык кеп болууда. Кыргыздын багына жаралган бир байлыгы - аскадан шаркырап аккан таза суусу эске келди.
XS
SM
MD
LG