Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:24

КОСМОСТУ ИЛИКТӨӨНҮН ЖАҢЫ ДООРУ БАШТАЛАБЫ?


Мындан отуз жыл илгери адам баласы Айга барып конгон. Бирок азыркы тапта космостук сапарды Айдан да алыскы мерчемдерди көздөй улантуу – кыял бойдон кала берүүдө.

Мындан отуз жыл илгери, 1972-жылдын 7-декабрынан 19-декабрына чейин америкалык “Аполлон-17” космос кемеси Айга чейин учуп барып келген. Америкалык астронавттардын Айга конуусу Юрий Гагариндин космоско учуусунан кийинки кезеңде жомоктун чындыкка ашуу доорунун жаңы баскычын түзгөн. Андан бери нечендеген фантастикалык фильмдер чыгарылды. Алардын бири, ал түгүл, “2001-жыл: Космос одиссеясы” деп аталды. Көркөм тасмаларда адамзат галактиканын нечендеген белгисиз мейкиндигине бороз түшүрүп, улам жаңы планетаны ачып, түрү адам кебетеленген жана башка ырайы суук макулуктарды элестеткен нечендеген акыл-эс өкүлдөрү менен баарлашып келди. Алардын айрымдары менен космостук кыргынга түшкөн учурлар да аз болгон жок. Цивилизацияны сактап калуу жана ааламдын улам жаңы чөлкөмдөрүн багындыруу – көркөм тасмалардагы башкы мүдөө болду.

Ал эми турмуш чындыгына кайрылсак, адамзат өткөн отуз жылдан бери Марс планетасына сапарга чыкмак тургай, кайрылып Айга да учуп бара алган жок. Мунун себеби эмнеде? Эң оңой жооп – космосту иликтөө институттарындагы каржылык таңсыктык. Ал эми маселенин саясий өңүтүн карасак, кансыз согуш жылдары кубаттуу мамлекеттер бири-бири менен технологиялык тармакта өз ара атаандашып, космосту иликтөөгө да акча каражатын аяшкан эмес. “Ким биринчи?” деген суроо спорттук деңгээлде эмес, саясий деңгээлде коюлган ошол тапта Советтер Бирдиги космосту иликтөөдө бир катар саамалыктарды колдон түшүрбөдү. Ал эми Кошмо Штаттар Айга учуу, космостук чөлмөк кемени куруу сыяктуу маселелерде биринчи болду. Демек, саясий эрк, саясий мүдөө - космосту иликтөөдө олуттуу кыймылдаткыч күч.

Советтер Бирдиги ойрон болгондо, Орусия эски тепшинин жанында калгансыды. Ал түгүл каражаттын аздыгынан, Орусиянын космос агенттиги чириген бай туристтерди пайдалануу аркылуу, кошумча каражат табууга да мажбур болуп жатты. Алгачкы космос туристи атагына конгон америкалык миллионер Деннис Тито 2001-жылы 30-апрелде Эл аралык космос бекетинин орусиялык канатында туруп, өзүнүн космостук тажрыйбасы жөнүндө мындай деп жар салганы эсте:
“Бул жакка сапар – абдан мыкты болду. Башкалар айтып жүргөн адаптация болуу деген эмне экенин мен билбейм. Мен өзүм бул жакка дурус эле ыңгайлашып алдым. Космос деген кандай сонун!”

Деннис Титонун бул сөздөрү нечендеген болочокку космос туристтерин ойготту бейм. Эми орусиялык космос агенттигине поп-музыка жылдыздарынан бери кайрылып, Жерге жакын орбитага чыгуу ниеттерин айта башташты. Космосту иликтөөдө өкмөттүк каражаттар менен чектелбестен, соода жааты да эске алынышы керектиги, жеке менчик тармактардын олуттуу салымына таянуу зарылдыгы сыяктуу маселелер кылым башында курч коюлууда.

Ал эми азыркы реалдуулукка кайрылсак, Жердин орбитасында иштеген жасалма жандоочу-лаборатория – Эл аралык космос бекети бир канча өлкөнүн каражаты менен курулууда. Ага жумшалчу каражат жүз миллиард доллардан ашса ашат, бирок андан аз болбой тургандай. АКШнын НАСА космос агенттигинин бул каражаттан шайы ооп турган кез. Кытай болсо азыркыга чейин космоско киши учуруу долбоорун толук түптөп бүтө элек. Орусиянын каржылык оор акыбалы жогоруда учкай айтылды.

Дегиңкиси, эгерде Айга эки аптанын ичинде эле барып келүүгө мүмкүн болсо, ал эми Марска карай сапар бери дегенде эки жылды талап кылат. Бул эки жылда ири космос кемеси олуттуу космостук радиацияга жана улам алдынан чыккан жансыз астероиддердин “чабуулуна” туруштук берүүгө тийиш, кемедеги астронавттар үчүн бир нече тонналаган азык-түлүк менен суу, улам тазаланып турчу аба, ал эми кеме үчүн - жетишээрлик отун зарыл. Албетте, Марска роботторду жиберүү менен чектелүүгө болот деңизчи, бирок алмустактан бери эле авантюрага, укмуштуу окуяларга, тобокелдикке жана жаңы сыноолорго тап коюп келген адамзат Марска учуу кыялынан баш тарткан жок. Британдык планета аралык изилдөө коомунун катчысы Дик Тэйлордун айтымында, ушул тапта Ай бетиндеги заттарды өндүрүп, анын кыртышындагы минералдар менен газдарды планета аралык учууларда пайдалануу долбоорлору иликтенүүдө. Айдын тартылуу күчү аз болгондуктан, андагы кен байлыктарды алып чыгуу алда канча арзанга турчудай.
XS
SM
MD
LG