Бүгүн Швеция менен Норвегияда 2002-жылдын Нобел сыйлыктары тапшырылууда. Сыйлык - атактуу швед ишкери жана окумуштуусу Альфред Нобельдин акчасына түзүлгөн жана такай - ал каза болгон 10-декабр күнү тапшырылат. Экономика, медицина, физика, химия жана адабият боюнча сыйлыктар - Швециянын борбору Стокгольм шаарында, ал эми тынчтык сыйлыгы - кошуна Норвегиянын борбору - Осло шаарында тапшырылат. Быйыл тынчтык сыйлыгы - АКШнын мурдагы президенти Джимми Картерге ыйгарылды. Картер - 1977-1981-жылдарда президент болгон жана 1978-жылы Кэмп-Дэвид келишимин түзүп, Израил менен Мисир ортосундагы араздашууларды токтоткон. Мисирдин президенти Анвар Садат жана Израилдин премьер-министри Менахем Бегин Нобель сыйлыгына ошол эле 1978-жылы татыган.