Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

БИШКЕКТЕ АДАМ УКУКТАРЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата 10-декабрда Бишкекте тегерек үстөлдө талкуу өттү. Анда Кыргызстанда митингдерди жана пикеттерди өткөрүү маселеси талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаттары, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын, укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты.

Эл аралык Адам укугун коргоо күнүнө карата 10-декабрда Бишкекте тегерек үстөлдө талкуу өттү. Анда Кыргызстанда митингдерди жана пикеттерди өткөрүү маселеси талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаттары, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын, укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты.

Тегерек үстөл бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын демилгеси менен өтүп, талкууну 2002-жылдын июлунда кабыл алынган «Жарандардын тынч, курал-жараксыз чогулуштары, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары» («О праве граждан собираться мирно, без оружия, свободно проводить митинги и демонстрации») тууралуу мыйзамга таянып жүргүздү. Кыргызстандагы акыркы айларда адам укуктарынын бузулушуна байланышкан фактылар катары катышуучулар «Аксы-Кара-Кулжа-Бишкек» жөө жүрүшүнүн айланасындагы Бишкек жана Ош шаардык бийлигинин аракеттерин жана акыркы чечимдерин аташты. Бишкек шаардык жана Ош шаардык кеңештеринин өткөн аптада кабыл алган пикеттерди жана митингдерди убактылуу токтото туруу сунушу менен шаар бийлигине кайрылуу чечимдерин бийликтин 1999-жылкы Ф. Куловго каршы аракеттерине салыштырган укук коргоочу Турсунбек Акун мындай деди: «99-жылы да Бишкек мэриясы Ф. Куловго байланыштуу пикеттерди, митингдерди өткөрүүчү жай катары Горький паркын белгилеген токтом кабыл алган. Дал ошого окшогон Бишкек,Ош шаардык шаардык кеңештердин чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес жана жокко чыгарылууга тийиш».

Бишкек шаар мэриясынын атын атагысы келбеген өкүлүнүн айтымында, Бишкек шаар кеңешинин чечимин азыр мэрия карап жатат, бирок, чечим кабыл ала элек. Бирок, оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана укук коргоочулар шаар кеңештеринин сунуштары шаарлардын бийликтеринин макулдугу менен коштолоорун белгилешүүдө. Ал эми парламенттин мыйзамчы палатасынын адам укуктары комитетинин төрайымы Оксана Малеванная бир тараптын кадамын колдоп, парламент имаратына чейин элди топтоп келип пикет өткөрүүгө шарт түзгөн, экинчи тараптын каалоолоруна караманча тыюу салган бийликтин аракеттерин эске алганда, мындан ашкан чечимдерге да таң калбай тургандыгын белгиледи. «Мен, маселен, кеңештер эки жылга чейин мораторий жарыялоо тууралуу сунуштап, аны Бишкек жана Ош шаардык мэриялар жан дили менен колдоп чечим чыгарса да таң калбайм» дейт ал. Жогорку Кеңештин имаратында өткөн тегерек үстөлгө келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү талаш-тартышка кошулушкан жок. Бишкек шаарындагы Ленин райондук администрациянын өкүлү Абдыш Нургазиев «Өз оюмду мен деле айткым келип атат. Бирок, баары бир оппозициялык маанайдагы адамдар басымдуу отургандыктан, мен бул жерди тегерек үстөлгө эмес, чатак иштерге айландырып ийгим келбейт», деп түшүндүрдү.

Ал эми, жергиликтүү бийликтин акыркы чечимдерин сындаган пикирлерге карата Ленин райондук администрациянын өкүлүнүн көз карашы мындай. «Мыйзамды баарыбыздын колубузга берди. Булар бир жагын карап алып эле окуп атышат. Эмне үчүн урматтуу депутат Малеванная: тереземдин түбүнө келип алып кыйкырып, менен укугума шек келтирип атышат деп атат. Ал жалгыз бир депутат. А шаарда бир миллион калк жашайт. Анын ичинен 200 киши шаардын калган адамдарынын укугун бузса болобу? Бул болбойт».

Оппозициячыл саясатчы Жыпар Жекшеевдин пикири боюнча азыр өлкөдөгү укук проблемасынын өзөгү азыр бийлик тарабынан дээрлик бардык мыйзамдардын бузулуп жатышында болууда. Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов мыйзам бузуулардын пайда болушунун себептеринин бирин аталган мыйзамдын өксүктөрү менен байланыштырды. Митинг, демонстрацияны тынч өткөрүү тууралуу мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев мыйзам адамдардын оюн эркин билдирүүнү камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетерин белгилеп, мыйзам бузуулар сот системасындагы акыйкаттыкты жактаган тажрыйбанын жоктугунан келип чыгып жатканын билдирди. Анын пикиринче, адам укуктарына каршы, саясий өңүттө чечим чыгарган сот жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине карата чаралар көрүлсө мындай укук бузууларга барышпайт болчу. «Мыйзамдын иштебей жатышынын негизги себеби - биздин тартип коргоо органдарыбыздын жана сот системасынын адам укугуна көңүлкош мамиле кылып, мыйзамга туура келбеген чечимдерди кабыл алышында. Бул мыйзамдын демилгечиси менмин. Албетте, мыйзамда кемчиликтер бар. Бирок, эгер судьялардын адам укугун коргоо ниеттери болсо, «жогору» жакты укпастан, көз карандысыз чечим кабыл ала турган болсо, ушул митинг өткөрүү, жыйналуу боюнча мыйзам жарандардын укугун камсыз кылууга жөңдөмдүү мыйзам деп эсептейм» дейт Ө. Текебаев.

Депутат Ө. Текебаевдин айтымында, ал жакынкы айларда тегерек үстөлдө айтылган сын-пикирлерди жана акыркы мезгилде бийлик тарабынан адамдардын укугуна шек келтирген кадамдардын жасалып жаткандыгын эске алуу менен мыйзамга өзгөтүү, толуктоо киргизүү аракетин көрөт. Жарандардын саясий укуктары боюнча эл аралык келишимдин 21-беренесин мисалга келтирген депутат Ө. Текебаев жергиликтүү кеңештердин чечимдерин мыйзамсыз деп эсептеди. Ушул келишимдин негизинде жазылган мыйзамдын башка жарандардын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо тууралуу беренесин бийлик өкүлдөрү ар башкача чечмелеп жатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG