Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

ПРЕЗИДЕНТ ЖОРЖ БУШТУН КОМАНДАСЫНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Президент Жорж Буш финансы министринин кызматына Жон Сноуну көрсөттү. Сенат бекиткенден кийин гана Ж. Сноу ишке киришет. Мурдакы министр О Нил жана Ак Үйдүн экономика боюнча кеңешчиси өткөн жума күнү кызматтан кетишкен. Жон Сноу жаңы кызматка көрсөтүлгөнгө чейин унаа жана темир жол корпорациясын жетектөөчү. Талдоочулардын айтымында, экономика боюнча жардамчы-кеңешчилердин алмашуусу Жорж Буштун экономиканы жандандыруу аракети менен коштолот.

АКШ президентинин өкүлү Ари Флейшер өткөн жума күнү финансы министри Поль О Нил менен Ак Үйдүн экономика боюнча кеңешчиси Лоуренс Линсейдин кызматтан кетүүсүнө байланыштуу жасаган билдирүүсүндө, аларга алкыш айтуу менен бирге, ноябрь айында жумушсуздук акыркы сегиз жылдагы өтө бийик деңгээлге чыгып кеткенин баса көрсөттү. Бирок, О Нил менен Линсейдин кызматтан кетүүсүнө жумушсуздук себеп болгон жок, деп түшүндүрдү Флейшер. Анын айтымында, «Президент экономикага башка адамдарга же эксперттерге караганда да чоң маани берет, Президент экономиканы кубаттандырууга багытталган пландары менен саясатты келечекте Конгресс менен чогуу жүргүзүүнү көздөйт».

Талдоочулардын пикиринче, Жорж Буштун экономиканы тейлеген жардамчыларын алмаштыруусу үч себепке байланыштуу.

1-ден, кенже Буш атасы- президент Буштун катасын кайталабайын деген максат койгон өңдүү, ал үчүн экономика тышкы саясат сыңары эле маанилүү экенин коомчулукка даңаза кылмакчы.

2-ден, О Нил көп маселелерде, анын ичинде импорттук болотко кошумча салык киргизүүдө Ак Үй менен макул эмес болчу жана президенттин экономика саясатынын нускалоочусу катары өзүн көрсөтө алган эмес. Жорж Вашингтон атындагы университеттин профессору Роберт Данн бул тууралуу «Бул азамат айрым жөнсүз комментарийлерди жасады. Ал өтө эле орой жана түз адам. Финансы министри үчүн мындай мүнөздүн кереги жок. Финансы министри өтө этият адам болгону жөндүү. Ал эгер кайсы бир маселеге макул болбосо, анысын коомчулук билбеши шарт» деп түшүндүрдү.

Вашингтондогу Брукингс институнунун экономисти Барри Босуорт да бул пикирди жактап, «О Нилдин кызматтан кетиши же кетирилүүсү саясый талашка байланыштуу деп шекшиймин мен. Ал жоопкерчилик сезими менен бюджеттин тартыштыгы өсүп бараткан шартта салыкты кыскартууну мурдакыдай жактай албады», дейт.

Жорж Буш 2001- жылдын январь айында президент катары ант бергенде айткан убадасында туруп, өкмөттүк карыздын өсүп баратканына карабай, салыктарды кыскартмакчы. Ошон үчүн, Бушка, «Вашингтон Пост» гезити баамдагандай, финансы саясаты боюнча аны менен талашып- тартышкан адамдын кереги жок.

Бир жылдары Ак Үйдө иштеп кеткен жана соңку жылдары көп тармактуу унаа жана темир жолдор корпорациясын жетектеген Жон Сноунун финансы министри болуп дайындалуусунан кимдер утту?

Арийне, биринчи кезекте, салыктарды кыскартуу идеясынын демилгечиси, Ак Үйдүн Экономикалык масилетчилер кеңешинин төрагасы Жленн Хаббард.

«Жон Сноунун министрликке көрсөтүлүшү АКШнын экономикасы үчүн да чоң утуш», дейт эксперттер. Анткени, президент Буш соңку 12 айда орточо 3 процентке өскөн экономиканы келерки жылда 5 процентке чыгарам деген ойдо.

Ж. Сноу өз вазийпасы жөнүндө дүйшөмбү күнү «бардык талантымды, бийлигимди, кубатымды жана жөндөмүмдү экономикалык өсүүнү чыңдоо жана бүтүндөй Америкадагы миллиондогон ишкерлер, майда ишканалар менен ширкеттер, орто жана ири бизнес менен инвесторлор өсүп гүлдөшү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү үчүн жумшайм», деп билдирди.

Ж. Сноу финансы министринин кызматына киришкенден мурда Сенатта бекитилиши абзел.

XS
SM
MD
LG