Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

ЯПОНДОР БЕЙПИЛДИК МЕНЕН ЖООПКЕРЧИЛИКТИН БИРӨӨНҮ ТАНДАШЫ КЕРЕК


Көптөн бери тышкы саясатында бейпилдүүлүк позициясын бекем карманып келген Япония АКШнын аскерий пландарын колдоо ниетин билдире баштады. Жакында Токио Перс булуңундагы Америкалык аскерлерге жардамга согуштук кемелерин жөнөтүүгө жана май айынан тарта Ооганстандагы көп улуттуу күчтөргө техникалык колдоо көрсөтүүгө макулдугун берди. Бирок, өкмөттүн жаңы демилгеси япон коомчулугу тарабынан колдоо таба элек.

Эксперттер «Япония эл аралык аброюн бекемдөө максатында куралдуу күчтөрүн эл аралык аракеттерге аралаштырмай болду» деп жатышат. Токио буга чейин белгилеп келгендей, Япон аскерлери жеке улуттук кызыкчылыктар баарынан өйдө турганда гана чет мамлекеттерде салгылашып-курман болушу мүмкүн. Андыктан, эми Япониянын Куралдуу Күчтөрү Улуттар уюмунун мандаты алдында, же АКШнын союздашы катары согушка катышса, анын артында Токионун жеке максат-мүдөөсү жатканы талашсыз.

Бирок, соңку иликтөөлөр көргөзгөндөй, япон коомчулугу аскерлердин чет мамлекеттерде согушуп, өз өмүрүнө коркунуч келтирүү аркылуу улут кызыкчылыгын коргошун каалабайт. Улуттук биримдик, атуулдук ар-намысты жогору тутуу жагынан эч кимди алдыга салбаган япондор 1993-жылы Камбоджада Улуттар Уюмунун өткөөл өкмөтүндө иштеп жүрүп, козголоңчулардын огунан курман болгон япон жараны Наката Атсухитонун өлүмүн мамлекеттик деңгээлдеги трагедия катары кабыл алып, жамы журт муңдап-зарлаганы элдин эсинен кете элек. Өз жарандарынын өмүрүн баарыдан өйдө коерун япондор дагы бир окуяга байланыштуу далилдөөдө. Атап айтканда, Токионун маалымат каражаттары эл аралык коомчулук кызуу талкуулап жаткан Түндүк Кореянын кеңири кыруучу куралдар программасынан көрө мындан ондогон жылдар илгери Пхеньян тарабынан уурдалып кеткен 13 япон жаранынын тагдырына кыйла жогору маани берип чагылдырууда. Анын үстүнө, жылдан жылга балдардын төрөлүүсү азайып, чакан үй-бүлө күтүү салтка айланып бараткан Японияда башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле, жаш жоокерлерди чет элдеги согушка катыштыруу маселеси оңой-олтоң чечилчү иш эмес.

Америка Кошмо Штаттары, мисалы, адегенде Босния жана Ооганстанга жөө аскерлерин жөнөтүүгө каршы болуп, кийин алардын ордуна аба күчтөрүн колдонуу чечимин кабыл алган. Вашингтон Сомалиде 20дан ашуун АКШ аскери курман болоор замат, бул өлкөдөн куралдуу күчтөрүн бүт бойдон чыгарып кеткен . Азыр да америкалык маалымат каражаттарында: «Саддам Хусейнди бийликтен кетирүү маселеси – америкалыктардын өмүрүнөн да артыкпы?» деген суроо улам көбүрөөк учуроодо.

Эксперттер Япониянын өз куралдуу күчтөрүн эл аралык аскерий аракеттерге аралаштыруу чечими япон коомчулугу тарабынан катуу каршылыкка туш болоорун, талаштар япон демократиясын татаал сыноодон өткөрчү маселе экенин азыртадан айтышууда. Япония улуттук кызыкчылыктар менен адам өмүрүнүн баасын таразалап, туура чечим кабыл алышы керек. Коңшулаш Кытай менен Түндүк Кореянын массалык кыргын салчу куралдарды өнүктүрүшү Японияда атуулдук сезимдин дагы жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө алып келди. «Интернешнл Гералд Трибюн» гезитиндеги макаланын автору, Юмико Накагава жазгандай, Япония жалаң эл аралык кырдаалга жараша жеке улуттук кызыкчылыктарын көздөбөстөн, 2-дүйнөлүк согуштун аягында коңшулаш өлкөлөргө карата жүргүзгөн агрессиялык саясаты үчүн жоопкерчиликти сезиши керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG