Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН САММИТИ


Нарын АЙЫП, Прага 12-13-декабрь күндөрү Даниянын борбору Копенгаген шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу болуп өттү. Анда бир нече жаңы өлкө Биримдикке мүчө болуп кирүүгө чакырылды. Уюмдун тарыхында ага мынча көп мамлекет бир учурда кошулган эмес.

Ноябрь айынын аягында Прага шаарында өткөн НАТО уюмунун бийик жолугушуусунда ал уюмга мүчө болуп кирүүгө жети жаңы мамлекет чакырылган. Алардын үчөө - мурдагы советтик Латвия, Литва жана Эстония. Мажарстан, Польша жана Чехия болсо, НАТОго 1999-жылы эле кабыл алынган. Эми дээрлик бардык өнүккөн европалык мамлекеттерди бириктирип, өзүнчө бир ири мамлекет сыяктуу эсептелинген Европа Биримдигине да жаңы мамлекеттер чакырылууда. Алар - Чыгыш Европалык сегиз өлкө менен Жер ортолук деңизиндеги Мальта менен Кипр. Ошентип, СССР чачырагандан кийин, мурда социалисттик блокко кирген элдер акырындап кайрадан батыш коомуна кошулууда. СССРдин өзүнүн чачырашы дагы 1991-жылдын башында Мажарстан, Польша жана ал кездеги Чехословакия Варшава пактынан чыгып кеткенден башталган.

Биримдикке он жаңы өлкөнү чакыруу чечими 2001-жылы Франциянын Ницца шаарында өткөн саммитте кабыл алынган жана азыркы бийик жолугушууда аларга расмий чакыруу жасалууда. Эми ар бир өлкөнүн парламенти ал чакырууну жактырса, 2004-жылдын май айында бул жумурияттар Биримдикке кошулат жана алардын чек аралары бир-бирине ачылат.

Анткен менен, Копенгагендеги саммит алдында, ал эмес жыйындын башталышында дагы, бир топ талаш-тартыштар болду жана кээ бир көздөлгөн максаттар жетишилбей калды. Мисал үчүн, расмий чакыруу жасалаардын алдында, 1974-жылдан бери экиге бөлүнгөн Кипрди кайра бириктирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон, жана Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери ал тууралуу атайын план да иштеп чыккан. Эгер эки тарап тең ага макул болгондо, Кипрдин түрк эли дагы Европа Биримдигине кошулуп калышы мүмкүн болчу. БУУнун планы боюнча, Түндүк Кипрди көзөмөлдөгөн түрктөр алардын колундагы 36 пайыз аймактын сегиз пайызын Түштүк Кипр гректерине өткөрүп берип, бардык башка мүлк маселелерин дагы сот аркылуу чечүүгө макул болсо, аралдагы эки жумурият бирдиктүү федералдык мамлекет түзмөк. Бирок Түндүк Кипр жумуриятынын жетекчилиги «ал планды талкуулоо үчүн бир топ убакыт керек», деп чыкты, жумурият президенти Рауф Денкташ болсо, оорулумун деп Копенгаген жыйынына келген жок.

Өзүн кээ бир Чыгыш Европалык мамлекеттерден өйдө сезген Түркия дагы анын Биримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү эмдиги жылы баштоонуу каалаган, бирок Копенгагенде, «эгер Түркияда саясий реформа жүргүзүлүп, адам укуктарынын абалы оңолсо, андай сүйлөшүү 2004-жылдын аягында гана башталышы мүмкүн», деген чечим чыгарылды.

Эң негизги талаш-тартыш болсо, жаңы мүчө-мамлекеттердин айыл чарбасына Биримдик тарабынан бериле турган жардам өлчөмүнүн айланасында болду. Каражаттын жетишсиздигинен, жаңы мүчөлөрдүн фермерлерине баштапкы жылдарда бериле турган жардам бир кыйла чектелет, атап айтканда, аларга берилген акча өлчөмү, мисал үчүн, Франциянын фермерлери ала турган жардамдан төрт эсе аз болот. Ага бир нече талапкер өлкө каршы чыкты жана Польшанын жетекчилиги бул маселе боюнча Копенгаген саммитинин башталышында дагы талашып-тартышты.

Бирок Биримдикте учурда төрагалык кылган Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен ага каршы чыкты. «Өтүп жаткан жыйында мунасага келбеген мамлекеттер үчүн чакыруу 2007-жылга чейин калтырылышы мүмкүн. Андай болушу толук ыктымал. Бирок бардык талапкер өлкөлөр менен сүйлөшүү оң аяктайт деп мен ишенем», деп билдирди А. Ф. Расмуссен.

Польша менен сүйлөшүүлөр 12-декабрь күнү кечке чейин уланды. Бардыгы болуп 2004-2006-жылдарда Биримдиктин чыгышка кеңейүү жараянына 41 миллиард доллар сарпталат жана жаңы мүчө-мамлекеттер ага дагы 15 миллиард доллар кошууга милдеттүү.
XS
SM
MD
LG