Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

КЫРГЫЗСТАНДА БИР ТОП ИШКАНАЛАР МУРДАГЫ САЛЫК САНКЦИЯЛАРЫНАН КУТУЛУШУ МҮМКҮН


Сапар Орозбаков, Бишкек Эки күнгө созулган талкуудан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары ишканаларга салынган айып-пулдарды кечүү жөнүндөгү Мыйзамды биринчи окууда кабыл алышты.

Салыкты өз убагында төлөй албай, мамлекетке карыз болуп калган ишканалардын жана адамдардын саны 4973 түзөт. Аларга мыйзамга ылайык айып-пул жана пенялар салынган. Аларга салынган айып–пул менен пенялардын жалпы суммасы өсүп отуруп, ал азыр, салыктын өзүн кошуп эсептегенде, 2 млрд. 300 млн. сомго жетти. Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында алар ал акчаны баары бир төлөп бере алышпайт.

«Айып-пулдар эч качан өнбөй турган акчалар. Биз 11 айдын ичинде 851 салык төлөчүүнүн 280 млн. сом мүлкүн каттоого алдырганбыз. Андан тышкары күч менен өндүрүп берсин деп Арбитраждык Сотко 2 млрд. 154 млн. сомдук 378 ишти өткөрүп бергенбиз. Сот аркылуу 91 иш каралган. Анын суммасы 505 млн. сом болгон. Биз бир да тыйын өндүрүп ала алган жокпуз. Анткени бул ишканаларда мындай акча жок» деди Болот Абилдаев.

Өкмөт бул ишканалардын жана адамдардын айып-пулун жана пеняларын кечирүү тууралуу демилге көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган. Мыйзамда аларды кечүү үчүн атайын шарт коюлат. Тагыраак айтканда, бул үчүн ишканалар жана адамдар салык боюнча карыздарынан кутулушу керек. Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитеттеринде жактырылган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде алар карызынан 1-январга чейин кутулса, айып-пул 100 % кечилет. Эгерде алар бул мөөнөттө карызынан кутулууга жетише албай, 1-апрелде төгүп берсе, айып-пул 80 % кыскартылат. Ал эми алар анда да үлгүрбөй, карызын 1-июлга чейин жойсо, аталган айып-пулдар 50 % төмөндөтүлөт. Талкуу учурунда депутаттар бул мөөнөт аздык кылат деп, аны бир аз артка жылдыруу тууралуу сунуш айтышты.

Мыйзамды талкуулоодо айып–пулду кечирүүгө эч ким деле каршы болгон жок. Талаш–тартыш «баардыгынын карызын кечирүү керекпи же төлөй ала турган ишканаларды тизмеден алып салуу керекпи?» деген суроонун тегерегинде болду. Депутаттардын бир аз бөлүгү «мыйзам баардыгына тиешелүү болуш керек, ишканалардын баардыгынын карыздарын кечүү керек» деген ойду айтышты. Финансы министри Болот Абилдаев да ошондой позицияда.

«Менин пикирим боюнча, бул мыйзам баардыгына тиешелүү болуш керек. Бул принципти финансы министрлиги да жактайт. Кийин эмне үчүн тигини киргиздиңер, муну киргизбей койдуңар деп финансы министрлигин күнөөлөшпөсүн. Мыйзам баардыгына бирдей болуш керек», деди министр.

Бирок депутаттардын көпчүлүгү буга каршы. Анткени карыздарын кечүүгө сунуш кылган тизмеге 14 банк, 340 чет өлкөлүк ишкана, 635 биргелешкен ишкана, 23 эркин экономикалык зонада катталган ишкана жана 500гө жакын жеке адам бар. Депутат Борис Гогаев бул ишканалар салык төлөөгө жөндөмдүү, ошондуктан атайын комиссия түзүп, аларды тизмеден чыгарыш керек деген пикирди билдирди.

Бюджет боюнча комитеттин төрагасы Марат Султанов болсо «эркин экономикалык зонада катталган ишканалар жана салык боюнча жеңилдик берилген ишканалар бул тизмеден сызылып салыныш керек», деди. Салык, бажы төлөмдөрү боюнча комитеттин башчысы Акылбек Жапаров андан тышкары «банкрот болуп тиешелүү процедурадан өтүп жаткан ишканалар, акциз салыгы салынган товарларды чыгарган ишканалар, чет өлкөлүк ишканалар, 50 % дан ашык чет өлкөлүк капиталга түзүлгөн биргелешкен ишканалар, соода кылгандар жана кызмат көрсөткөндөр» бул тизмеге кирбеш керек» дейт.

Мыйзам чыгаруу жыйыны бул мыйзамды биротоло кабыл ала алган жок. Депутаттар атайын комиссия түзүлүп, ал ишканалардын тизмесин карап чыгуусу керек деген чечимге келишти.
XS
SM
MD
LG