Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

ТҮРКИЯ КАЙРАДАН КААЛГА СЫРТЫНДА КАЛДЫ


Түркияны Европа Биримдигине мүчөлүккө алуу жөнүндөгү маселе 2004-жылдын декабрында карала турган болду. Биримдиктин Копенгагендеги саммитинде ушундай чечим кабыл алынды. Анкаранын расмий делегациясы бул чечимди айыптап,аны Түркияны басмырлаган кадам деп баалады.

Европа Биримдигине кошулганга Түркиянын кыялдана баштаганына кырк жылдан ашты. Шаркеттин өлкөлөрү аны менен сүйлөшүүлөрдү баштоодон көшөрө баш тартып келет. Буга негизинен түрк коомундагы адам укуктарынын абалы себепчи дешет. Ошондуктан Копенгаген саммитине Түркия өзгөчө камданган эле. Атап айтканда,түрк парламенти жакында эле Европа Биримдиги талап кылган деңгээлдеги бир нече мыйзам актыларын кабыл алды, Вашингтондо түрк делегациясы Кошмо Штаттардын, жеке президент Дж. Буштун колдоосун жана кепилдигин алганга жетишти. «Түркия керектүү иштерди мынчалык илгериңки бүтүрөт деп Европа Биримдигинде эч ким күтпөсө керек, бирок биз баарын жасадык, эмки кеп Европа Биримдигинде калды», деп айткан эле Абдулла Гул «Миллиет» гезитинде жарыяланган маегинде.

Түркиянын камылгасын Биримдиктин өлкөлөрү да моюнга алышты. Копенгаген жыйыны ачылаарда Грециянын премьер-министри Костас Смитис Түркиянын өкмөтү акыркы апталарда жакшы, позитивдүү кадамдарды жасанын белгилеп, демек сүйлөшүүлөрдү 2005-жылы баштаганга мүмкүнчүлүк бар деген эле. Буга түрк премьери макул болбой, Анкара үчүн жадесе 2004-жыл да кечеңдик кыларын белгилеген. «Биз сүйлөшүүлөрдүн так мөөнөтү 2003-жылга белгиленишин күтөбүз», деп ырастаган эле ал Копенгагенге келер замат.

Биримдиктин лидерлери саммитте Түркиянын маселесин талашып-таңашып көрүп, акыры Анкаранын кандидатурасын 2004-жылдын декабрында карап көргөнгө макул болушту.

Даниянын премьер-министри Андреас Расмуссен бул чечимди комментариялап жатып, Анкаранын көңүлүн жубатканга аракеттенди. Анын сөзү боюнча, Түркия Евробиримдиктин чен-өлчөмдөрүнө канчалык ыкчам даяр болсо, сүйлөшүүлөр ошончолук эрте башталышы мүмкүн. «Эгер 2004-жылдын декабрында Европа комиссиясынын сунуштарына жана отчетторуна ылайык Түркия Копенгагенде аныкталган саясий критерийлерге төп келет деп табылса, Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрдү баштайт», деп айтты ал. Швециянын өкмөт башчысы Георан Перссон болсо саммитте кабыл алынган чечим кайра каралбай тургандыгын, бул темадагы талкуулар Түркия кааласа кийинчерээк жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин эскертти. Ал эми Европарламенттин президенти Пат Кокстун баасында, Копенгаген чечими Евробиримдик менен Түркиянын алакасындагы жылыштардын жышааны болду. «Биз мастатташкан мөөнөт Европа Биримдиги менен Түркиянын мамилериндеги жупуну, бирок көзгө урунарлык иш болду, ал эми Түркиянын өзүнө Европа Биримдигине кошулууну көздөгөн кырк жылдык жолдогу байкаларлык мөлчөрдү билдирет», деп айтты Кокс. Түркияга бул иште Кошмо Штаттары чоң колдоо көрсөтүп жаткандыгын комментариялап, Европарламенттин башчысы өнөктөш өлкөлөрдүн баары, анын ичинде, албетте, Кошмо Штаттар да өз көз карашын ачык жана эркин айта ала тургандыгын эске салды. «Вашингтондогу досторубуз айрым учурларда саал аша чаап кетишет, бул ошондой көрүнүштүн бир учуру болушу мүмкүн», деп белгиледи ал.

Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл өз кезегинде Копенгагендеги чечимди кескин сынга алды жана аны «Түркияны басмырлаган кадам» деп баалады. Гүл Түркияны өгөйлөп жатышканы үчүн Франциянын президенти Жак Ширакты күнөөлөдү. Түрк премьеринин пикири боюнча, Жак Ширак Европа Биримдигинин өлкөлөрүн Түркияга каршы шыкактап жүрөт.

Түркиядагы башкаруучу партиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган кокус Копенгагенде Түркия кайрадан кагуу жеп, шагы сына турган болсо, анда Анкара өзүнүн өнүгүү багытын өзгөртөт деп эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG