Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ БИШКЕК ШААРЫНЫН АКТИВИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ


13–декабрда Президент Аскар Акаев Бишкек шаарынын активи менен жолугуп, өтүп бараткан 2002-жылдагы урунттуу окуяларга токтолду.

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясына чогулган Бишкек шаарынын активинин алдындагы сөзүн президент Аскар Акаев борбор шаардын 2002-жылдагы жетишкен ийгиликтеринен баштады. Өлкө башчысынын айтымында, Бишкек шаарындагы жалпы өсүш 104, 7 пайызды түзүп, бул акыркы он жылдагы мыкты көрсөткүч болуп калды. «Мындай көрсөткүчтөр 2003-жылда белгиленүүчү Бишкек шаарынын 125 жылдыгына жакшы белек болот», деди өлкө башчысы.

Президент шаардын өнүп-өсүшүнө четтен алынып жаткан кредиттер чоң жардам болуп жатканын айтып, шаарга 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү тикелей инвестиция тартылганына токтолду. «Аткаруу бийлигинин бул жааттагы жакшы демилгелерин депуттар токтотуп коюп жатат» деген президент А. Акаев кейиштүү мисал деп Түркиянын «Импаш» фирмасынын токтоп калган долбоорун айтып өттү. Андан аркы сөзүндө, президент Аскар Акаев «2002-жылы Тоо Саммити жана донорлордун жыйыны сыяктуу эл аралык денгээлдеги ири окуялардын Бишкек шаарында өткөнү Кыргызстан үчүн урунттуу окуялардан болуп калды. 2002–жыл Кыргызстандын тарыхында тышкы саясий мамилелерди жөнгө салууда да чоң жетишкендиктерди берди», деди ал.

Президент бул жолу жыл башындагы Аксыдагы кандуу окуяларга да токтолуп, андан бийлик Коопсуздук Кеңешинде бир катар мамлекеттик кызматчыларды жазалап, тийиштүү жыйынтык чыгарганын айтып өттү.

«Аксы окуясы бул жылдагы жана жакынкы жылдардагы биздин артыкчылык берүүчү негизги багытыбыз болуп калды. Анын ичинен адам укугун коргоо биздин негизги багытыбыз. Өкмөт бул багытта бүгүн көптөгөн иштерди жасоодо. Мен да президент катары оппозициянын лидерлерин сүйлөшүүлөргө чакырдым. Июль айында өткөн тегерек үстөлдө оппозиция өкүлдөрүнүн баардык сындарын, ойлорун уктум. Жана бир пикирге келгендей болгонбуз. Андан соң да оппозициянын лидерлери менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кийин Конституциялык Кеңешке чакырып, андагы жыйынды башкарууну оппозиция өкүлдөрү А. Масалиевге, Ө. Текебаевге бошотуп бердим. Ушундай биздин кадамдардан кийин да алар элдешкис оппозиция жолуна, саясий экстремиздин жолуна түшүштү. Анан алар элди жолдорду бууганга, мыйзамды сыйлабоого, облбийликтин имаратын алууга, акимдерди барымтага алууга, Бишкекке карай улуу жүрүшкө чакырышты», деп эскерди.

«Жөө жүрүшкө чыккандар кандай коркунучтуу ураандарды көтөрүп чыкканын өзүңөр көрдүңөр. «Үзөңгү –Куушту сатканга өлүм» дейт. Сиздер болсо ким жөнүндө сөз болуп жатканын эң жакшы түшүнүп отурасыздар! Мен мындай ураандарды экстремизм деп гана эсептейм. Мен, урматтуу бишкектиктер, сиздерге ушундай экстремизм жаңыдан баш көтөрүп келатканда сокку бергениңер үчүн рахмат айтам», деди мамлекет башчысы.

Президент Аскар Акаев оппозиция менен боло турган мындан аркы мамилесине токтолуп, «Мен алар менен жолугушуу үчүн төрт ирет кадам таштадым, бирок алар тарабынан бир да жолу демократиялык ымаланы көргөнүм жок. Ошондуктан мен азыр алар экстемисттик ураандарын токтотмоюнча жана таңууланган талаптарын токтотмойунча бешинчи ирет эч бир столго отурбайм деп чечтим. Ар нерсенин өз чеги болот, бирок алар баардык чектерден өтүп кетти», деп билдирди.
XS
SM
MD
LG